Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы N 803 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 20-марты № 95 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-декабрындагы N 661, 2009-жылдын 19-мартындагы N 184,2009-жылдын 19-сентябрындагы N 598 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана
маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөт-
төр аралык комиссиялардын иштеринин алкагында Кыргыз Республикасынын
тышкы экономикалык ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык,
илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы
боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө
жобо;
- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык,
илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы
боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн тө-
рагаларынын тизмеси.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-июнундагы № 247
"Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен кызматташтыгы боюнча бир-
гелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-майындагы № 378 токтомуна өз-
гөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-майындагы № 378
"Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен кызматташтыгы боюнча бир-
гелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-октябрындагы №
478 "Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча
Өкмөттөр аралык кыргыз-россия биргелешкен комиссиясынын кыргыз бөлүгүн
бекитүү жөнүндө" токтому.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 20-мартындагы
N 95 токтому менен
бекитилген
Соода-экономикалык, илимий-техникалык
жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө
Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер
менен кызматташтыгы боюнча биргелешкен
өкмөттөр аралык комиссиялардын (ӨАК)
кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын
ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-декабрындагы N 661, 2009-жылдын 19-мартындагы N 184,2009-жылдын 19-сентябрындагы N 598 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
┌───────────────────────────────────────────┬─────────────────────────┐
│ ӨАКтын аталышы │ ӨАКтын кыргыз │
│ │ бөлүгүнүн төрагасы │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана │- Кыргыз Республикасынын │
│гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр │ Премьер-министри │
│аралык кыргыз-россия биргелешкен комиссиясы│ │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана │- Кыргыз Республикасынын │
│маданий кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык│ финансы министри │
│кыргыз-украина биргелешкен комиссиясы │ │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана │- Кыргыз Республикасынын │
│маданий кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык│ айыл, суу чарба жана │
│кыргыз-беларусь биргелешкен комиссиясы │ кайра иштетүү өнөр жай │
│ │ министри │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан │- Кыргыз Республикасынын │
│Республикасынын ортосундагы эки тараптуу │ транспорт жана │
│кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык │ коммуникациялар │
│биргелешкен комиссиясы │ министри │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо │- Кыргыз Республикасынын │
│боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-тажик │ транспорт жана │
│комиссиясы │ коммуникациялар │
│ │ министри │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана │- Кыргыз Республикасынын │
│маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча │ айыл, суу чарба жана │
│Өкмөттөр аралык кыргыз-молдова комиссиясы │ кайра иштетүү өнөр жай │
│ │ министри │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана │- Кыргыз Республикасынын │
│маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча │ биринчи вице-премьер- │
│Өкмөттөр аралык кыргыз-азербайжан │ министри │
│комиссиясы │ │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана │- Кыргыз Республикасынын │
│маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча │ өзгөчө кырдаалдар │
│Өкмөттөр аралык кыргыз-армян комиссиясы │ министри │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана │- Кыргыз Республикасынын │
│маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча │ өзгөчө кырдаалдар │
│Өкмөттөр аралык кыргыз-грузин комиссиясы │ министри │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана │- Кыргыз Республикасынын │
│маданий кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык│ биринчи вице-премьер- │
│кыргыз-москва биргелешкен комиссиясы │ министри │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия │- Кыргыз Республикасынын │
│Федерациясынын Москва облусунун Өкмөтүнүн │ биринчи вице-премьер- │
│ортосунда соода-экономикалык, │ министри │
│илимий-техникалык жана маданий кызматташтык│ │
│жөнүндө 2004-жылдын 20-январында Москва │ │
│шаарында кол коюлган Макулдашууну │ │
│аткаруунун жүрүшүн координациялоо боюнча │ │
│кызматташтыкты өнүктүрүү тобу │ │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана │- Кыргыз Республикасынын │
│маданий кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык│ транспорт жана │
│кыргыз-санкт-петербург биргелешкен │ коммуникациялар │
│комиссиясы │ министри │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия │- Кыргыз Республикасынын │
│Федерациясынын Свердлов облусунун Өкмөтүнүн│ Миграция жана ишке │
│ортосунда соода-экономикалык, │ орноштуруу боюнча │
│илимий-техникалык жана гуманитардык │ мамлекеттик комитетинин│
│кызматташтыкты координациялоо боюнча │ төрагасы │
│биргелешкен комиссия │ │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Соода-экономикалык кызматташтык боюнча │- Кыргыз Республикасынын │
│Өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясы │ биринчи │
│ │ вице-премьер-министри │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Соода-экономикалык кызматташтык боюнча │- Кыргыз Республикасынын │
│Өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясы │ Премьер-министри │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана │- Кыргыз Республикасынын │
│маданий кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык│ экономикалык өнүктүрүү │
│кыргыз-иран комиссиясы │ жана соода министри │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Эки тараптуу экономикалык байланыш боюнча │- Кыргыз Республикасынын │
│кыргыз-австрия аралаш комиссиясы │ финансы министри │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Соода-экономикалык кызматташтык боюнча │- Кыргыз Республикасынын │
│Өкмөттөр аралык кыргыз-болгар биргелешкен │ айыл, суу чарба жана │
│комиссиясы │ кайра иштетүү өнөр жай │
│ │ министри │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Соода-экономикалык, илимий-техникалык │- Кыргыз Республикасынын │
│кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык │ финансы министри │
│кыргыз-индия комиссиясы │ │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Соода-экономикалык кызматташтык боюнча │- Кыргыз Республикасынын │
│Өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын │ экономикалык өнүктүрүү │
│алдындагы "Кыргызстан-СУАР КЭР" │ жана соода министри │
│координациялык тобу │ │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана │- Кыргыз Республикасынын │
│маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча │ экономикалык өнүктүрүү │
│Өкмөттөр аралык кыргыз-монгол комиссиясы │ жана соода министри │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Соода-экономикалык жана илимий-техникалык │- Кыргыз Республикасынын │
│кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык │ өнөр жай, энергетика │
│кыргыз-пакистан комиссиясы │ жана отун ресурстары │
│ │ министри │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Соода-экономикалык кызматташтык боюнча │- Кыргыз Республикасынын │
│Өкмөттөр аралык кыргыз-польша биргелешкен │ экономикалык өнүктүрүү │
│комиссиясы │ жана соода министри │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Соода-экономикалык кызматташтык боюнча │- Кыргыз Республикасынын │
│Өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясы │ биринчи │
│ │ вице-премьер-министри │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Соода жана инвестициялар боюнча │- Кыргыз Республикасынын │
│кыргыз-герман жумушчу тобу │ экономикалык өнүктүрүү │
│ │ жана соода министри │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Соода-экономикалык кызматташтык боюнча │- Кыргыз Республикасынын │
│Өкмөттөр аралык кыргыз-швейцария комиссиясы│ финансы министри │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Атайын кыргыз-малайзия биргелешкен │- Кыргыз Республикасынын │
│комиссиясы │ Мамлекеттик мүлктү │
│ │ башкаруу боюнча │
│ │ мамлекеттик комитетинин│
│ │ төрагасы │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Экономикалык жана өнөр жайлык кызматташтык │- Кыргыз Республикасынын │
│жана алмашуу боюнча Өкмөттөр аралык │ экономикалык өнүктүрүү │
│кыргыз-италия жумушчу тобу │ жана соода министри │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Экономикалык, өнөр жайлык жана │- Кыргыз Республикасынын │
│илимий-техникалык кызматташтык боюнча │ экономикалык өнүктүрүү │
│Өкмөттөр аралык кыргыз-латвия комиссиясы │ жана соода министри │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│Экономикалык кызматташтык боюнча │- Кыргыз Республикасынын │
│биргелешкен кыргыз-корея комиссиясы │ экономикалык өнүктүрүү │
│ │ жана соода министри │
└───────────────────────────────────────────┴─────────────────────────┘