Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 352-б
буйругу менен бекитилген Калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн атайын эсеби жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Бул Жобо калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүнүнатайын эсебинде топтолгон каражаттарды түзүүнүн жана пайдалануунун тар-тибин регламенттейт. 2. Калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн атайынэсеби (мындан ары - атайын эсеп) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын-да финансылык каражаттарды топтоо жана азык-түлүккө баалардын кескинөсүү шартында калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүү үчүнтүзүлөт. II. Атайын эсептин каражаттарын түзүүнүн булактары 3. Атайын эсепти каржылоонун булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет: - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардажана тартипте мамлекеттик менчиктин объектилерин менчиктештирүүдөн,"Центерра Голд Инк" корпорациясынын акцияларынын бөлүгүн сатуудантүшкөн каражаттардын бөлүгү; - тиешелүү жылга республикалык бюджеттин учурдагы чыгымдарынан 1процент; - жыл бою бир жылдын ичинде 4 жолу бирдей үлүштөр менен которулуу-чу мамлекеттик ишканалардын (мамлекеттик органдарды, саламаттык сактоомекемелерин тейлөөчү мамлекеттик автотранспорт ишканаларынан тышкары)кирешесинен 5 процент; - эл аралык жана башка уюмдардын максаттуу гранттары; - жеке жана юридикалык жактардын кайрымдуулук чегерүүлөрү, кайрым-дары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбегенбашка түшүүлөр. 4. Атайын эсепке акча каражаттардын түшүшү улуттук жана четөлкөлүк валютада накталай жана накталай эмес формада ишке ашырылат. III. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануунун тартиптери 5. Атайын эсептин каражаттары максаттуу мүнөзгө ээ жана төмөнкүдөйбагыттар боюнча азык-түлүккө баалардын жогорулашынын шартында калктынсоциалдык жактан аялуу катмарынын бакубаттуулук дењгээлине колдоокөрсөтүү боюнча иш-чараларга гана арналган: - калктын аялуу катмары үчүн буудай, ун жана башка тамак-аш про-дуктуларын сатып алуу; - калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүгө бир жолкутөлөмдөр. 6. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечим Атайынэсепти башкаруу боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан су-роо-талаптарды кароонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынат. Суроо-талаптар мамлекеттик органдар тарабынан гана Кыргыз Респуб-ликасынын Финансы министрлигине берилет. Суроо-талаптарды тариздөө, берүү жана каржылоо тартиби, ошондойэле атайын эсептин каражаттарынын чыгымдарын эсепке алуу тартиби КыргызРеспубликасынын Финансы министрлиги тарабынан белгиленет. 7. Атайын эсептин бөлүнгөн каражаттарын максаттуу эмес багыт боюн-ча пайдаланууга жол берилбейт. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу жөнүндө маалыматтар КыргызРеспубликасынын Финансы министрлиги тарабынан жылына бир жолу жалпыгамаалымдоо каражаттарына жарыяланууга тийиш. Атайын эсепке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ар жылдыкаудит жүргүзүлөт. IV. Комиссиянын ишин уюштуруу 8. Комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен түзүлөт.Комиссиянын төрагасы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болупэсептелет. Комиссия өз ишин заседание өткөрүү аркылуу жүргүзөт. Комиссиянынзаседаниелери зарылдыгына жараша өткөрүлөт, бирок кварталына 1 жолуданкем эмес. Комиссиянын заседаниеси Комиссиянын курамынын 2/3 катышканучурда мыйзамдуу деп эсептелет. Комиссиянын заседаниеси боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы ми-нистрлиги тарабынан аныкталуучу жооптуу катчы тарабынан протоколтүзүлөт жана ага төрага менен жооптуу катчы кол коюшат. Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын милдеттерин орун баса-ры аткарат. Атайын эсептен каражаттарды бөлүү жөнүндө Комиссиянын чечими Ко-миссиянын курамынын жалпы санынын добуштарынын жөнөкөй көпчүлүгү мененкабыл алынат. Комиссиянын чечимине Комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат жана ал Кыр-гыз Республикасынын Финансы министрлигине аткаруу үчүн жиберилет. Кабыл алынган чечим менен макул болбогон Комиссиянын мүчөсү өзгөчөпикирин жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу. 9. Комиссиянын чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Финансыминистрлиги: - атайын эсептин каражаттарын которуу боюнча акы төлөнүүчү доку-менттерди тариздейт; - Комиссиянын чечимдерин аткаруу үчүн текшерүү жана башка иш-чара-ларды жүргүзөт; - атайын эсептеги акча каражаттарын эсепке алууну жүргүзөт жанаатайын эсептин каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчет түзөт. 10. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Комиссиянын жумушчуорганы болуп эсептелет жана Комиссиянын уюштуруучулук, маалыматтык жанабашка ишмердигин камсыз кылат.