Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 28-мартындагы № 85-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 11-июлу № 352-б
"Азык-түлүккө баанын кескин жогорулаган шартында калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 4-июнундагы № 191 Жарлыгын ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн атайын эсебин ачсын.
2. Калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн атайын эсеби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн атайын эсебин башкаруу боюнча комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн атайын эсебине инвестициялык каражаттарды тартууга көмөктөшсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйруктан келип чыккан нормативдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | И.Чудинов |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 11-июлундагы
№ 352-б буйругуна
тиркеме
Кыргыз Республикасынын - Комиссиянын төрагасы;
Премьер-министри
Кыргыз Республикасынын - Комиссиянын төрагасынын орун басары.
Вице-премьер-министри
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри;
Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
М.Исмаилов |