Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 2-февралындагы № 26-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 15-июлу №355
(КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 16-майындагы № 16-б буйругунун редакциясына ылайык)
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залында тейленүүгө тийиш болгон кызмат орундарынын жана адамдардын тизмеси;
- "манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун расмий делегациялар залына жанаша аймакка кызмат автомобилдеринде кирүүгө укугу бар кызмат адамдарынын тизмеси.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети расмий делегациялар залында тейлөө үчүн төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна сунуштарды киргизишсин.
3. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруубоюнча мамлекеттик комитетинин сунуштарын эске алуу менен "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун расмий делегациялар залына көрсөткөн кызматтары үчүн төлөө боюнча Нускаманы иштеп чыгуу жана бекитүү сунушталсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006 - жылдын 17-октябрындагы № 585-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик
коомунун расмий делегациялар залында тейленүүгө
тийиш болгон кызмат орундарынын жана адамдардын
ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 16-майындагы № 16-б буйругунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Президенти.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы.
3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы, анын орун басары, судьялары.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы, анын орун басарлары, судьялары.
6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси жана анын орун басарлары.
8. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы жана анын орун басарлары.
9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарлары.
10. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри.
11. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр жана анын орун басарлары.
13. Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасы жана аудиторлору.
14. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана анын орун басарлары.
15. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын төрагасы жана анын орун басарлары.
16. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы, комиссия мүчөлөрү.
17. Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кеңешчиси.
18. Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жана анын орун басарлары.
19. Кыргыз Республикасынын министрлери, мамлекеттик комитеттеринин төрагалары, алардын орун басарлары, статс-катчылары.
20. Облустук мамлекеттик администрация башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, алардын орун басарлары.
21. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары.
22. Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун төрагасы жана анын орун басарлары.
23. Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин директору жана анын орун басары.
24. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы жана анын орун басарлары.
25. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы жана анын орун басарлары.
26. Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институтунун директору жана анын орун басарлары.
27. Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин комиссары жана анын орун басары.
28. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору жана анын орун басары, статс-катчы.
29. Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин директору жана анын орун басары, статс-катчы.
30. Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы жана анын орун басары.
31. ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын башкы катчысы жана анын орун басары.
32. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин директору жана анын орун басары, статс-катчы.
33. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы жана анын орун басарлары.
34. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын командачысы жана анын орун басарлары.
35. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачысы.
36. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Стратегиялык талдоо жана баалоо институтунун директору.
37. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы.
38. Кыргыз Республикасында Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоорунун дирекциясынын директору жана анын орун басарлары.
39. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасы жана анын орун басарлары.
40. Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы жана анын орун басарлары.
41. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын төрагасы жана анын орун басарлары.
42. Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын төрагасы жана анын орун басары, статс-катчы.
43. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын директору жана анын орун басары, статс-катчы.
44. Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин директору жана анын орун басарлары.
45. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу администрациялык ведомстволордун директорлору, анын орун басарлары, статс-катчылары.
46. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттерде жана эл аралык уюмдардын алдында аккредиттелген Толук жана Ыйгарым укуктуу элчилери, башкы консулдары.
47. Кыргыз Республикасынын Президентинин Секретариатынын жетекчиси жана анын орун басары.
48. Кыргыз Республикасынын Президентинин Канцеляриясынын начальниги, басма сөз кызматынын жетекчиси.
49. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын бөлүм башчылары жана анын орун басарлары.
50. Кыргыз Республикасынын Президентинин протокол кызматынын жетекчиси.
51. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сектор башчылары, мамлекеттик инспекторлору, эксперттери, референттери.
52. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Аппаратынын башкы инспекторлору, эксперттери.
53. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу жана анын орун басарлары.
54. Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчилери, жардамчылары жана өкүлдөрү.
55. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү.
56. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчылары жана алардын орун басарлары.
57. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин басма сөз катчысы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси.
58. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын сектор башчылары, инспекторлору, эксперттери, референттери.
59. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси министрдин кеңешчилери, жардамчылары.
60. Бишкек шаардык сотунун төрагасы, облустук соттордун төрагалары.
61. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппарат жетекчиси жана анын орун басары.
62. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси жана анын орун басарлары.
63. Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) Аппарат жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) аппаратынын бөлүм башчылары.
64. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкаруучусу жана анын орун басарлары.
65. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчилери жана жардамчылары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бөлүмдөрүнүн, секторлорунун башчылары.
66. Кыргыз Республикасынын экс-президенти.
67. Советтер Союзунун баатырлары жана Социалисттик Эмгектин Баатырлары.
68. Үч даражадагы Даңк орденинин кавалерлери.
69. Баатыр энелер.
70. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылган адамдар.
71. Төмөнкүдөй мамлекеттик сыйлыктары бар адамдар:
- I даражадагы "Манас" ордени,
- "Баатыр эне" ордени.
72. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, вице-президенти, башкы окумуштуу катчысы, анык мүчөлөрү.
73. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокомпаниясынын башкы директору.
74. "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана", "Эркин Тоо" басма үйүнүн директорлору - башкы редакторлору.
75. "Кабар" кыргыз улуттук маалымат агенттигинин директору.
76. Кыргыз Республикасынын Профсоюздар федерациясынын төрагасы.
77. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти.
78. "Кыргызстан калкынын ассамблеясы" этностук коомдук бирикмелер ассоциациясынын төрагасы.
79. Республикалык азиздер жана дүлөйлөр коомунун президенти.
80. Мамлекеттик жогорку окуу жайларынын ректорлору.
81. Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын муфтийи.
82. Орус православ чиркөөсүнүн Орто Азия жана Бишкек Епархиясынын архиепискобу.
83. Төмөнкү акционердик коомдордун башкармаларынын төрагалары:
- "Кыргызнефтегаз" ААКы;
- "Кыргызалтын" ААКы;
- "Кыргызгаз" ААКы;
- "Кыргызтамекиси" МАКы;
- "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКы;
- "Электр станциялары" ААКы;
- "Кыргызтелеком" ААКы.
84. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору.
85. Республикалык маанидеги шаардык кеңештердин депутаттары.
86. Жогорку деңгээлдердеги визиттерди даярдоо жана ишке ашыруу үчүн чет өлкөлөргө чыгуучу Кыргыз Республикасынын расмий делегация мүчөлөрү жана ушундай эле максаттар менен Кыргыз Республикасына келүүчү чет мамлекеттердин топтору.
87. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын кызмат адамдарын коштоочу кызматкерлери.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Айтмурзаев
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасы
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы
Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кењешчиси
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кењешинин катчысы
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору
Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси-министр
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасынын орун басарлары.