Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 28-августу № 433-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы Экономикалык, соода, инвестициялык, илимий-техникалык, маданий, жаштар жана спорт иштери боюнча кызматташуу жөнүндө башкы макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда көрсөтүлгөн Башкы макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд
Аравия Королдугунун ортосундагы Экономикалык,
соода, инвестициялык, илимий-техникалык, маданий,
жаштар жана спорт иштери боюнча кызматташуу жөнүндө
БАШКЫ МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтү (мындан ары - "Макулдашуучу Тараптар"),
эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилени чыњдоону каалап, өз ара кызматташууну чыњдоодон өз ара пайданы таанып, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Макулдашуучу Тараптар өз ара түшүнүшүүнүн негизинде эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну илгерилетүү үчүн бардык күч аракеттерди жумшайт.
2-берене.
Макулдашуучу Тараптар эки өлкөнүн жана алардын жарандарынын ортосундагы, эки өлкөнүн юридикалык жана жеке жактарын кошо, экономикалык, соода, инвестициялык, илимий-техникалык көмөк көрсөтөт. Жогоруда белгиленген кызматташуу чөйрөсү төмөнкү багыттарды камтыйт:
1. Экономика чөйрөсүндө, атап айтканда, нефть өнөр жайында, пайдалуу кендерди казуу, нефть химиялык тармакта, айыл чарба жана мал чарбачылыгы ж.б. жагында кызматташуу.
2. Экономика чөйрөсүндөгү илимий изилдөөлөргө жана технологияларга тийиштүү маалыматтарды алмашуу.
3. Кызматташуунун айкын программалары үчүн керектүү илимий жана техникалык тажрыйбалар менен алмашуу.
3-берене.
1. Макулдашуучу Тараптар эки тараптуу соода мамилелерин кењейтүүгө жана диверсификациялоого көмөк көрсөтүшөт. Бул максатта, эл аралык соода системасынын алкагында жана Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине ылайык, ошондой эле макулдашуучу Тараптардын өлкөлөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык, Макулдашуучу Тараптар эки өлкөнүн ортосунда соода жүргүзүүнү ишке ашыруу үчүн айрыкча жагымдуу режимди беришет.
2. Ушул статьянын жогоруда каралган жоболору эркин соода зонасына, бажы союзуна, валюталык союзга, жалпы рынокко же кайсы болбосун эл аралык келишимдерге же башка кайсы болбосун экономикалык же региондук кызматташууга мүчө болуудан келип чыккан, толук түрдө же негизинен салык салууга тиешелүү кайсы болбосун эл аралык келишимдерден же келишүүлөрдөн ушундай союздарга же ушуга окшош уюмдарга алып келген Макулдашуучу Тараптын кимисинин өлкөсү болбосун катышуучу болуп эсептелген же катышуучусу болуп кала турган, биринчи Макулдашуучу Тараптын инвесторлоруна алардын инвестицияларына жана инвестициядан алынган кирешесине, кайсы гана болбосун режимдеги азыркы жана келечектеги пайдасына, өзгөчө жењилдиктер же артыкчылыктарды таркатуу Макулдашуучу Тараптардын экинчисинин милдети катары талкууланбашы керек.
4-берене.
1. Макулдашуучу Тараптардын ар бири өз өлкөсүнүн аймагында инвестирлөө үчүн экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторлорун кызыктырат жана жагымдуу шарттарды түзөт жана өз өлкөсүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык келген инвестицияларга жол берет, экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторлорунун инвестицияларына жана инвестициядан түшкөн кирешелерине калыс жана тењ укуктуу режимди берет.
2. Макулдашуучу Тараптар, өз өлкөсүнүн аймагынын чегинде Макулдашуучу Тараптардын жарандарынын капиталдарын жана инвестицияларын калыс жана бирдей дењгээлде, анын ичинде капиталды жана кирешелерди репатриациялоо эркиндигин коргойт. Макулдашуучу Тараптар улуттук мыйзамдарына ылайык Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттери тарабынан ушул статья толук бойдон сакталбагандыктын натыйжасында инвесторлорго зыян келтирилген учурда калыс жана шашылыш компенсациялоону кепилдейт.
3. Макулдашуучу Тараптар Тараптардын өлкөлөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык биргелешкен ишканаларды түзүүгө кызыктырат.
5-берене.
Макулдашуучу Тараптар жеке секторду кошо, экономика, соода жана техникалык кызматташуунун маселелери боюнча делегациялардын ортосунда визиттер менен алмашууну кызыктырат, көргөзмөлөргө өз ара катышууга дем берет, ошондой эле Макулдашуучу Тараптардын эки өлкөсүнүн ортосунда кызматташууну активдештирүү үчүн керектүү шарттарды камсыз кылат.
6-берене.
Макулдашуучу Тараптар билим берүү, илим, техника, маданият, интеллектуалдык мүлк, саламаттыкты сактоо, калкты социалдык коргоо, жаштар жана спорт чөйрөсүнүн маселелери боюнча Макулдашуучу Тараптардын өлкөлөрүнүн ортосунда кызматташууга кызыктырат. Жогоруда аталган кызматташуу чөйрөлөрү төмөнкү багыттарды камтыйт:
1. Макулдашуучу Тараптардын өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын жана илимий мекемелеринин ортосунда түз катнаштарды жөнгө салууга көмөк көрсөтүү, анын ичинде өз ара кызыкчылыкты туудурган жогорку окуу жайларынын окутуучулары, стажерлору, студенттери менен жана илимий-техникалык маалыматтар жагында алмашууларды уюштуруу жолу менен билим берүү жана илим чөйрөсүндө кызматташуу. Кыргыз Республикасынын экономикасынын керектөөлөрүнө ылайык Сауд Аравиянын жогорку окуу жайларында кадрларды даярдоо, илимий симпозиумдарда жана конференцияларда адистердин өз ара катышуусу.
2. Маданий мекемелердин жана ассоциациялардын ортосунда визиттер жана программалар менен алмашуу жолу аркылуу маданият чөйрөсүндө кызматташуу; Макулдашуучу Тараптардын өлкөлөрүнүн ар биринде өткөрүлүүчү маданий симпозиумдарга, конференцияларга, экспедицияларга катышуу; тиешелүү документтер, укма-көрмө материалдар, китепканалардын материалдары менен алмашуу, өлкө тууралуу даректүү жана маалыматтык фильмдерди берүү; орто кылымдан бери (ислам архитектурасынын гүлдөгөн доору) Кыргызстандын аймагында жайгашкан тарыхый эстеликтерди сактоо жана калыбына келтирүү.
3. Эл аралык форумдардагы абалды координациялоо жолу менен жаштар жана спорт маселелери боюнча кызматташуу, жаштар жана спорттук ассоциациялардын жана союздардын ортосунда программалар менен алмашуу, жаштар жана спорт иштери боюнча кызмат адамдарынын ортосунда визиттер жана тажрыйбалар менен алмашуу.
4. Саламаттыкты сактоо жагында кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле саламаттыкты сактоодо маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жагында тажрыйба алмашуу үчүн саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик жана улуттук программаларды алмашуу аркылуу саламаттыкты сактоонун маселелери боюнча кызматташуу.
5. Эмгек жана калкты социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актылары менен алмашуу; социалдык-эмгектик мамилелери, медикалык-социалдык экспертиза жана майыптарды реабилитациялоо маселелери боюнча маалымат-аналитикалык материалдар менен алмашуу; эмгекти инспектирлөө; Тараптардын эксперттеринин квалификациясын жогорулатуу жана калкты социалдык коргоо жана камсыздандыруу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу максатында Тараптардын өлкөлөрүндөгү конференцияда, семинарда ж.б. катышуусу аркылуу калкты социалдык коргоо жагындагы кызматташуу.
6. Азыркы маалда иштелүүчү укуктук ченемдер тууралуу тажрыйба жана маалымат алмашуу аркылуу интеллектуалдык мүлктү коргоо чөйрөсүндөгү кызматташуу.
7-берене.
Макулдашуучу Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн Экономикалык, соода, инвестициялык, илимий-техникалык, маданий, жаштар жана спорт иштери боюнча кызматташуу тууралуу кыргыз-сауд биргелешкен өкмөттөр аралык комиссияны түзүшөт.
8-берене.
Макулдашуучу Тараптар өз ара кызыкчылыкты туудурган айкын жааттарда айрым макулдашууларды түзүүгө кызыктырышат.
9-берене.
Ушул Макулдашуунун чегинде алынган маалымат үчүнчү жакка ушул маалыматты берген Макулдашуучу Тараптын алдын ала кат жүзүндөгү макулдугусуз берилбейт.
10-берене.
1. Макулдашуучу Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген жана бул Макулдашуунун 11-беренесинин 1-пунктунда каралган тартипте күчүнө кирүүчү айрым протокол менен жазып катталуучу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.
2. Бул Макулдашууну түшүнүшүү жана колдонуу менен байланыштуу пайда болгон ар түрдүү пикир келишпестиктер макулдашуучу Тараптардын ортосунда кењешүү аркылуу чечилет.
11-берене.
1. Бул Макулдашуу ратификацияланууга тийиш жана ратификациялык грамотаны алган күндөн баштап күчүнө кирет.
2. Бул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлгөн жана эгер Макулдашуучу Тараптардын бири тийиштүү мезгил бүткөнгө алты айдан кем эмес убакыт калганга чейин Макулдашуучу Тараптын экинчисине кат жүзүндө ушул Макулдашуунун күчүн токтотуу ниети жөнүндө билдирбесе, кийинки жылдарга автоматтык түрдө узартылат.
3. Бул Макулдашуунун күчүн токтотуу ушул Макулдашуу күчүндө экенде кол коюлган келишимдердин же макулдашуулардын аныктыгына таасир этпейт жана эгерде Макулдашуучу Тараптар башкача чечим кабыл алышпаса анын күчүн токтотуу мезгилинде толук же айрым аткарылбай калган келишимдердин жана макулдашуулардын аныктыгына таасир этпейт.
______________ шаарында 200___жылдын "___" ________ эки нускада түзүлдү, ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде, жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун талкуулоодо ар кандай пикир келишпестиктер пайда болгон учурда, англис тилиндеги текст артыкчылык күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугунун
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 20-апрелиндеги № 121-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ