Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 18-декабры № 662-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын бардык категориялардагы чарбаларындагы мал-дын жана үй канаттууларынын иш жүзүндөгү санын аныктоо максатында: 1. Кыргыз Республикасынын аймагында 2009-жылдын 1-январына каратаабал боюнча малга жана үй канаттууларына бир убакта санак жүргүзүлсүн. 2. Санакка менчигинин түрүнө карабастан бардык категориядагы (мам-лекеттик, жеке, өнөр жайлык, транспорттук, курулуштук, окуулук мекеме-лердин көмөкчү чарбаларынын жана башка ишканалардын жана уюмдардын,дыйкан (фермердик) чарбалардын, калктын үй чарбаларындагы, коллективдүүбактардагы) чарбалардын малы жана үй канаттуулары алынаары белгиленсин. 3. Облустардын жана райондордун мамлекеттик администрацияларына,облустук жана райондук ветеринардык кызматтарга, жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдарына малды жана үй канаттууларды саноону уюштуруу жанаанын өз убагында жана сапаттуу жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчилик жүктөлсүн. 4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдын-ча башкаруу органдары: - малды жана үй канаттууларды саноого даярдануу жана өткөрүү боюн-ча ветеринардык кызматтардын өкүлдөрү жетектөөчү тийиштүү облустук, ра-йондук жана шаардык комиссияларды түзүшсүн; - 2008-жылдын 20-декабрына чейин мамлекеттик статистиканын аймак-тык органдары менен макулдашуу боюнча малды жана үй канаттууларды сано-ого тартылчу санакчылардын курамын беиктишсин; - санакчылар 2009-жылдын 20-январына чейин ар бир дыйкан (фермер-дик) чарбаны, калктын жеке көмөкчү чарбасын, ошондой эле айыл жана шааржерлериндеги дача участокторду, эс алуу үйлөрүн, пансионаттарды жанабашка өзүнчө жайгашкан объектилерди (темир жол разъезддерин, кашарлар-ды, чабандардын үйлөрүн, кыштоолорду жана башкаларды) милдеттүү кыдырыпмалдын жана үй канаттууларынын ар бир түрүн саноо менен малдын жана үйканаттуулардын санагын толук жүргүзүшү боюнча чараларды көрүшсүн; - эл арасында малдын жана үй канаттууларынын санагынын максаты жа-на милдети жөнүндө түшүндүрүү ишин жүргүзүшсүн; - малды жана үй канаттууларды саноо убагында санакчыларды автот-ранспорт менен камсыздоо маселесин чечишсин. 5. Ишке тартылган кызматкерлердин негизги иштеген жери боюнча эм-гек акылары же окуган жери боюнча стипендиясы, ал эми убактылуу иштебе-гендердики - жумушсуздук боюнча алчу пособиелери сакталсын. 6. Көмөкчү чарбасында айыл чарба продукциясын берүүчү малы жана үйканаттуулары бар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрация-лык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, менчигининтүрүнө карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар малды жана үй канат-тууларын инвентаризациялоону жана кайрадан санап чыгууну 2009-жылдын1-январына чейин бүтүрүшсүн жана жыйынтыгын Кыргыз РеспубликасынынУлуттук статистика комитети бекиткен формалар боюнча мамлекеттик ста-тистиканын тийиштүү органдарына беришсин. 7. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине төмөнкүлөрсунушталсын: - 2009-жылдын 10-январына чейин малдын жана үй канаттуулардын са-нагын программалык-методологиялык камсыздоону жана инструментарийин иш-теп чыгуу; - 2008-жылдын 24-декабрына чейин жергиликтүү мамлекеттик админист-рацияларды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын малды жана үйканаттууларын эсепке алуунун формалары менен камсыздоо; - малды жана үй канаттуулардын санагынын материалдарын топтоо, иш-теп чыгуу жана санактын баштапкы жыйынтыгын 2009-жылдын 1-февралына ка-рата, акыркы жыйынтыгын - 2009-жылдын 28-февралына карата Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнө берүү. 8. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети: - ишке тартылчу санакчыларды үйрөтүүнү ишке ашырышсын; - малдын жана үй канаттуулардын санагы уюштурулушуна жана жүрүшүнөконтролду камсыздашсын. 9. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги: - малдын жана үй канаттуулардын санагына тартылган адамдардын ко-опсуздугун камсыздашсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте ке-ректүү маалыматтарды берүүдөн качкан же мал жана үй канаттуулар багыл-ган аймакка кирүүгө тоскоол кылган адамдарга администрациялык таасирэтүү чараларын көрсүн. 10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы №533-б
буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин. 11. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 12. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр И.Чудинов