Сравнение редакций…
КР Республикасынын Өкмөтүнүн
2015-жылдын 15-сентябрындагы № 452-б буйругуна ылайык
күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 25-декабры № 678-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашуунун долбоору жакты-рылсын. 2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри-не Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү менен Латвия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашыжөнүндө макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгүөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйга-рым укук берилсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Макулдашуучу тараптар деп аталуучу Латвия Республикасы-нын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Чикагодо кол коюу үчүн ачык Эл аралык жарандык авиация жөнүндө1944-жылдын 7-декабрындагы Конвенциянын Тараптары болуп саналышып, өз ара принципке негизденишип өздөрүнүн тиешелүү аймактарынын ор-тосунда жана анын чегинен сырткары үзгүлтүксүз аба катнашын түзүү мак-сатында жогоруда эскертилген Конвенцияга ылайык жана аны толуктоо ире-тинде Макулдашуу түзүүнү каалашып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Аныктама 1. Эгерде контекстте башкача талап кылынбаса ушул Макулдашуунунмаксаттары үчүн: a) "Конвенция" термини Чикагодо кол коюу үчүн ачык Эл аралык жа-рандык авиация жөнүндө 1944-жылдын 7-декабрындагы Конвенцияны билдиретжана ушул Конвенциянын 90-статьясына ылайык кабыл алынган ар кандайТиркемени жана Конвенциянын 90,94-статьяларына ылайык кабыл алынганТиркемелерге жана Конвенцияларга ар кандай түзөтүүлөрдү бул Тиркемелержана түзөтүүлөр Макулдашуучу эки тарап жагынан кандайча ратификациялан-гандыгына жана күчүнө киришине жараша камтыйт; b) "авиациялык бийликтер" термини бул учурда Латвия Республикасы-нын Өкмөтүнүн Транспорт министрлигин, бул учурда Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин же мындай экиучурда азыркы убакта жогоруда эскертилген бийликтер тарабынан аткарылу-учу ар кандай функцияларды аткарууга ыйгарым укуктуу ар кандай башкажакты же органды билдирет; c) "дайындалган авиакомпания" термини ушул Макулдашуунун 4-стать-ясына ылайык дайындалган жана ыйгарым укук берилген авиакомпанияны бил-дирет; d) "аймак" термини Макулдашуучу тараптарга карата Конвенциянын2-статьясындагы бул термин үчүн аныкталган мааниге ээ; e) "аба катнашы", "эл аралык аба катнашы", "авиакомпания" жана"коммерциялык эмес максаттар менен токтоо" терминдери Конвенциянын96-статьясындагы бул терминдер үчүн аныкталган мааниге ээ; f) "тариф" термини бааларды билдирет, алар жүргүнчүлөрдү, багаждыже жүктөрдү (почтаны кошпогондо) ташуу үчүн алынууга тийиш, буга мындайташуулардын чектеринде коюлган же берилген ар кандай олуттуу кошумчапайдалар, ошондой эле адамдарды ташууга билеттерди сатуу же тиешелүүтрансакциялардын чектеринде жүк ташуу үчүн төлөнүүчү комиссиялык жыйым-дар кирет. Бул ошондой эле ташуу же комиссиялык жыйымдарды төлөө үчүнтарифтердин колдонулушун жөнгө салуучу шарттарды камтыйт; g) "Тиркеме" термини ушул Макулдашууга же ушул Макулдашуунун20-статьясынын жоболоруна ылайык оњдолгон Тиркемени билдирет. Тиркемеушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгүн түзөт жана ушул Макулдашууга бардыкшилтемелер башка аныкталган Макулдашуу болбосо, Тиркемеге шилтемелердида камтыйт. 2. Ушул Макулдашуунун статьяларында берилген аталыштар шилтемелер-дин максаттары үчүн гана кызмат кылат. 3. Ушул Макулдашууда Латвия Республикасынын жарандарына шилтемелерЕвропалык шериктештикке мүчө мамлекеттердин жарандарына шилтеме катарытүшүнүлөт. Бул Макулдашууда Латвия Республикасынын авиакомпаниясына жеавиакомпанияларына шилтемелер Латвия Республикасы дайындаган авиакомпа-нияга же авиакомпанияларга шилтеме катары түшүнүлөт. 2-статья. Ташууларга укуктарды берүү 1. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка эл аралыкаба катнаштарына карата төмөнкүдөй укуктарды берет: (a) кондурбастан өздөрүнүн аймагы аркылуу учуу укугун; (b) коммерциялык эмес максаттар менен өздөрүнүн аймагы аркылууучуу укугун. 2. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка ушул Ма-кулдашууга Тиркемеде көрсөтүлгөн маршруттар боюнча эл аралык аба кат-наштарын ишке ашыруу максатында ушул Макулдашууда айтылган укуктардыберет. Мындай катнаштар жана маршруттар мындан ары тийиштүү түрдө "ке-лишимдик линиялар" жана "белгиленген маршруттар" деп аталат. Ар бир Ма-кулдашуучу тарап дайындаган авиакомпания же авиакомпаниялар белгиленгенмаршрут боюнча келишимдик линияны эксплуатациялоо ушул статьянын 1-па-раграфында айтылган укуктарга толуктоо иретинде экинчи Макулдашуучу та-раптын аймагындагы бул маршрут үчүн Тиркемеде көрсөтүлгөн пункттардаөздөрүнчө же айкалыштыруу менен жүргүнчүлөрдү, багажды, жүктөрдү жанапочтаны эл аралык жүктөөнүн коммерциялык негизинде жүктөө жана/же түшү-рүү максаттары үчүн токтоо укугунан пайдаланышат. 3. Ушул статьянын 2-параграфындагы эч нерсе бир Макулдашуучу тарапдайындаган авиакомпанияга экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында сыйлооүчүн же жалдоо боюнча ташылуучу, экинчи Макулдашуучу ушул тараптын ай-магындагы дайындалган башка пунктка бара жаткан (каботаж) жүргүнчү-лөрдү, жүктү жана почтаны бортко алууга укук берүү катары каралбайт. 4. Эгерде куралдуу жанжалдардан, саясий толкундардан же окуяларданже өзгөчө жана адаттагыдан тышкары жагдайлардан улам бир Макулдашуучутараптын дайындалган авиакомпаниясы өзүнүн нормалдуу маршруту боюнчаучууларды аткара албаса, экинчи Макулдашуучу тарап тийиштүү түрдө убак-тылуу макулдашылган маршрут боюнча мындай катнашты аткарууну улантуугакөмөктөшүү үчүн бардык күч аракеттерин жумшайт. 3-статья. Сертификаттарды жана лицензияларды таануу 1. Бир Макулдашуучу тарап берген же жарактуу деп тааныган учуугажарактуулук сертификатын, квалификациясы жөнүндө сертификаттарды жаналицензияларды экинчи Макулдашуучу тарап алардын жарактуулук мөөнөтүнүничинде анык деп таанышат, мында берилген же жарактуу деп таанылган мын-дай сертификаттарга же лицензияларга ылайык шарттар болушу, Конвенциягаылайык белгилениши мүмкүн болгон жогорудагы минималдуу стандарттаргаылайык келген шарт болушу керек. 2. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарап же ар кан-дай башка мамлекет алардын жарандарына берилген же жарактуу деп тааныл-ган квалификация жөнүндө сертификаттарды жана лицензияларды өз аймакта-рынын үстүндө учууларды аткаруу максаттары үчүн жарактуу деп табууданбаш тартуу укугун сактап калышат. 4-статья. Авиакомпанияларды дайындоо жана эксплуатациялык уруксаттарды берүү 1. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка жазуу жү-зүндө кабарлоо менен белгиленген маршруттар боюнча келишимдик линиялар-ды эксплуатациялоо максатында бир же бир нече авиакомпанияларды дайын-доого укуктуу. 2. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка жазуу жү-зүндө кабар жиберүү аркылуу мындай дайындоону чакырып алууга жеөзгөртүүгө укуктуу. 3. Мындай дайындоону алган экинчи Макулдашуучу тарап төмөнкүдөйшартта минималдуу процедуралык кечиктирүү менен тийиштүү укук жанауруксат берет, алар: а) Латвия Республикасы дайындаган авиакомпания болсо: i) ал Европалык шериктештикти түзүү жөнүндө макулдашууга ылайыкЛатвия Республикасынын аймагында уюштурулса жана Европалык шериктештик-тин мыйзамдарына ылайык эксплуатациялоого колдонуудагы Лицензиясы бол-со; жана ii) авиакомпанияга натыйжалуу жөнгө салуу контролдугу ишке ашырыл-са жана эксплуатанттын сертификатын берүү үчүн жооптуу мүчө мамлекеткетаандык болсо жана дайындоодо тиешелүү авиациялык бийлик таккорсөтүлсө. b) Кыргыз Республикасы дайындаган компания болсо: i) ал Кыргыз Республикасынын аймагында уюштурулса жана Кыргыз Рес-публикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык лицензияланса; жана ii) авиакомпанияга натыйжалуу жөнгө салуу контролдугу ишке ашырыл-са жана эксплуатанттын сертификатын берүү үчүн жооптуу Кыргыз Республи-касына таандык болсо жана дайындоодо тиешелүү авиациялык бийлик таккөрсөтүлсө. c) бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлиги экинчи Макулдашуу-чу тарап дайындаган авиакомпаниядан ал Конвенциянын жоболоруна ылайыкэл аралык аба катнаштарын эксплуатациялоого ушул авиациялык бийликтерколдонуучу кадимкидей жана акылга сыярлык жазылган мыйзамдар менен эре-желердин шарттарын аткарууга жөндөмдүү экендигине далилдерди берүүсүнталап кыла алат. 4. Ушундай түрдө дайындалган жана ыйгарым укуктарды бөлүшкөн авиа-компания ушул Макулдашуунун бардык колдонулуучу жоболорун ошол авиаком-пания канааттандырган шартта ар кандай мезгилде келишимдик линиялардыэксплуатациялоону баштай алат. 5-статья. Эксплуатациялык уруксаттан баш тартуу, жоюу же токтото туруу 1. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарап дайындаганавиакомпаниянын эксплуатациялык уруксатын же техникалык уруксатын тө-мөнкүдөй учурларда чакырып ала алат, токтото турат же чектей алат: a) Латвия Республикасы дайындаган авиакомпания болсо: i) ал Европалык шериктештикти түзүү жөнүндө макулдашууга ылайыкЛатвия Республикасынын аймагында уюштурулбаса жана Европалык шериктеш-тиктин мыйзамдарына ылайык эксплуатациялоого колдонуудагы Лицензиясыболбосо; жана ii) авиакомпанияга натыйжалуу жөнгө салуу контролдугу ишке ашырыл-баса жана эксплуатанттын сертификатын берүү үчүн жооптуу мүчө-мамлекет-ке таандык болбосо жана дайындоодо тиешелүү авиациялык бийлик таккөрсөтүлбөсө. b) Кыргыз Республикасы дайындаган компания болсо: i) ал Кыргыз Республикасынын аймагында уюштурулбаса жана КыргызРеспубликасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык лицензияланбаса; же ii) авиакомпанияга натыйжалуу жөнгө салуу контролдугу ишке ашырыл-баса жана эксплуатанттын сертификатын берүү үчүн жооптуу Кыргыз Респуб-ликасына таандык болбосо жана дайындоодо тиешелүү авиациялык бийлик таккөрслтүлбөсө. c) Эгерде көрсөтүлгөн авиакомпания мындай укукту берген Макулдашу-учу тараптын мыйзамдарын жана эрежелерин сактабаса; же d) Көрслтүлгөн авиакомпания ушул Макулдашууга ылайык жазылганшарттарга жараша келишимдик линияларды эксплуатациялоо шартын кандайдырбир башка түрдө сактабаса; e) экинчи Макулдашуучу тарап ушул Макулдашуунун 15 жана 16-стать-яларына ылайык авиациялык коопсуздук стандарттарын жана коопсуздуктусактабаса же колдонбосо. 2. Ушул статьянын 1-пунктунда эскертилген шарттарды белгилөө жедароо жоюу, токтото туруу мыйзамдарды жана/же эрежелерди андан аркы бу-зуулардын алдын алуу үчүн зарыл болуп саналбайт, мындай укук экинчи Ма-кулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери менен консультациялардыжүргүзгөндөн кийин гана колдонулат. Мындай консультациялар ага су-роо-талап болгон күндөн тартып 30 (отуз) күндүн ичинде башталат. Мындакөрсөтүлгөн мезгилдин ичинде канааттандырарлык макулдашууга жетишилбе-се, экинчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясынын же авиакомпаниялары-нын эксплуатациялык уруксатын чакырып алуу, жоюу, чектөө же шарттардыбелгилөө үчүн негизди түзөт. Эгерде бул олуттуу кечиктирилгис шарттаболсо, ар кандай Макулдашуучу тарап мында көрсөтүлгөн мезгил аяктагангачейин убактылуу колдоно алат. 6-статья. Төлөмдөргө карата басмырлоону колдонбоо 1. Экинчи Макулдашуучу тараптын ар кандай дайындалган авиакомпани-ясынын аба кемеси аэропортторду жана башка авиациялык жабдууларды кол-донуу үчүн ар кандай Макулдашуучу тараптын аймагында алынуучу акы ушулсыяктуу эл аралык аба катнаштарында иштеген улуттук авиакомпаниянын абакемелеринин алынуучу акыдан жогору болбойт. 2. Аэропортторду же ар кандай башка авиациялык кызмат көрсөтүүлө-рдү жана жабдууларды колдонуу үчүн акы же эл аралык аба катнаштарын иш-ке ашырууга байланыштуу алынуучу ар кандай ушул сыяктуу акылар же жы-йымдар нарктык негизде белгиленет. Ар кандай Макулдашуучу тарап ти-йиштүү далилдерди берүүнү сурай алат. Бул жүргүнчүлөрдү, багажды жанажүктөрдү тейлөө, ошондой эле бирден бир кызматтарды көрсөткөн аэропорт-тордогу аба кемесин тейлөө үчүн акы төлөөгө карата колдонулат. 3. Акылар жана жыйымдар улуттук валютада төлөнөт. 7-статья. Бажы жана башка пошлиналардан бошотуу 1. Бир Макулдашуучу тарап дайындаган, эл аралык аба катнаштарындаэксплуатациялануучу авиакомпаниянын аба кемеси, ошондой эле алардынштаттык жабдуулары, запастык бөлүктөрү, куйуучу отундун жана майлоочуматериалдардын запастары, ошондой эле аба кемелердин бортундагы борттукзапастар (тамак-аш азыктарын, суусундуктарды жана тамеки буюмдарын кошоалганда) экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына келгенде, бардык бажыпошлиналардан, инспекциялык жыйымдардан жана башка ушул сыяктуу акы тө-лөөдөн бошотулат, мында ушул сыяктуу жабдуулар, запастык бөлүктөр, ре-зервдер жана запастар ушул аймактан учууларда ал аба кемеси тарабынанпайдаланылып же керектелмейинче же кайра алынып кетмейинче ошол аба ке-месинин бортунда калуу шарты коюлат. 2. Көрсөтүлгөн кызматтардын наркына кирген төлөмдөрдү кошпогондоушул статьянын 1-пунктунда эскертилген пошлиналардан, жыйымдардан жанаакы төлөөлөрдөн, ошондой эле төмөнкүлөр бошотулат: a) эл аралык аба катнашында иштеген, экинчи Макулдашуучу тарап да-йындаган авиакомпаниянын аба кемесинин бортунда кайра кайтуучу багыттаколдонуу үчүн акылга сыярлык чектөөлөрдүн алкагында биринчи Макулдашуу-чу тараптын аймагындагы бортко алынган аба кемесинин запастары; b) эл аралык аба катнашында иштеген, экинчи Макулдашуучу тарап да-йындаган авиакомпаниянын аба кемесин техникалык тейлөө же оњдоо макса-тында биринчи Макулдашуучу тараптын аймагына алып келинген кыймылдат-кычтарды кошо алганда запастык бөлүктөр; c) эл аралык аба катнашында экинчи Макулдашуучу тараптын дайындал-ган авиакомпаниясы колдонуу үчүн биринчи Макулдашуучу тараптын аймагынаалып келинген же берилген отун, майлоочу материалдар жана сарпталуучутехникалык запастар, ал тургай бул резервдер бортко алынган аймактаэкинчи Макулдашуучу тараптын аймагында ишке ашырылуучу учуу участогундапайдаланууга тийиш болсо да жогоркулардан бошотулат. 3. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн материалдар талап боюнчабажы көзөмөлүндө же контролунда сакталышы мүмкүн. 4. Демейде биринчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпания-сы эксплуатациялоочу аба кемесинин бортунда туруучу штабдык борттукжабдуулар, ошондой эле материалдар, резервдер жана запастык бөлүктөрэкинчи Макулдашуучу тараптын аймагында ошол Макулдашуучу тараптардынбажы бийликтеринин макулдугу менен гана түшүрүлүшү мүмкүн. Мындай учур-да алар бажы эрежелерине ылайык кайра алынып кетмейинче же башка түрдөжоюлмайынча жогоруда көрслтүлгөн бийликтердин көзөмөлүндө турушумүмкүн. 5. Биринчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынынколдонушу үчүн арналган жана экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына алыпкелинген расписание, авиабилеттер жана жүк накладнойлору сыяктуу ке-ректүү документтер ошол аймактагы бажы пошлиналарынан жана салыктарданбошотулат. 6. Макулдашуучу тараптын аймагы аркылуу түз транзит менен өтүүчүбагаж жана жүктөр келгенде же жөнөтүлгөндө бажы пошлиналарынан, жыйым-дардан жана акы төлөө кызматтарынын наркына кирүүчү башка ушундай акы-лардан бошотулат. 7. Бул Макулдашуудагы эч нерсе Латвия Республикасынын аймагындагыпункттун жана Латвия Республикасынын же Европалык шериктештикке мүчөболгон башка мамлекеттердин аймактарынын ортосундагы учууларды ишкеашыруучу Кыргыз Республикасы дайындаган авиаташуучунун аба кемесиндеколдонуу үчүн анын аймагында берилүүчү отунга салыктарды, жыйымдарды,пошлиналарды, акыларды же бааны басмырлабаган негизде белгилөөгө тоско-олдук кылбайт. 8-статья. Сыйымдуулук жөнүндө жоболор 1. Макулдашуучу тараптар дайындаган авиакомпаниялар ушул Макулда-шууга Тиркемеде көрсөтүлгөн ар кандай маршруттар боюнча келишимдик ли-нияларды эксплуатациялоонун калыс жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. 2. Келишимдик линияларды эксплуатациялоодо ар бир Макулдашуучу та-рап дайындаган авиакомпания же авиакомпаниялар ошол эле маршруттардынбүткүл аралыгында же ар кандай бөлүгүндө кийинки тарап көрсөткөн кыз-маттарга өтө зыян келтирбеш үчүн экинчи Макулдашуучу тарап дайындаганавиакомпаниянын же авиакомпаниялардын кызыкчылыктарын көњүлгө алышат. 3. Оорчулуктун акылга сыярлык факторунда Макулдашуучу тараптар да-йындаган авиакомпаниялар тарабынан келишимдик линияларды тейлөө авиа-компания же авиакомпаниялар дайындаган, Макулдашуучу тараптардын айма-гынан берүүчү же аймагына баруучу почтаны кошо алганда жүргүнчүлөрдүжана жүктөрдү ташууда тиешелүү түрдө учурдагы жана күтүлгөн керектөө-лөргө дал келген сыйымдуулукту берүү негизги максаты болуп эсептелет. 4. Ушул Макулдашууга Тиркемеде көрсөтүлгөн маршруттарда үчүнчүөлкөлөргө арналган пунктка же ошол пункттан келүүчү эл аралык жүктөөнүнкелишимдик линияларында жүктөө же түшүрүү укугу эл аралык аба транспор-тун акырындап өнүктүрүүнүн жалпы принциптерине ылайык колдонулат жанасыйымдуулуктун төмөнкүлөргө дал келиши тууралуу жалпы принципти сак-тайт: a) баштапкы пункттун өлкөсүнүн жана жүк дайындалган акыркы пунк-ттун өлкөлөрүнүн ортосундагы ташууларга суроо-талапка; b) авиакомпаниялардын кайчылаш учушка суроо-талапка; жана c) жергиликтүү жана региондук аба катнаштары көњүлгө алынганданкийин ал аркылуу авиакомпания учуп өткөн районго ташууга суроо-талапты. 9-статья. Учуулар графигин жактыруу 1. Макулдашуучу бир тараптын дайындалган авиакомпаниясы же авиа-компаниялар, Макулдашуучу башка тараптын авиациялык күчтөрүнө өзүлөрү-нүн кыймыл графигин (кыймылдын жайкы жана кышкы мезгилдерине) учууларбашталганга чейин кеминде отуз (30) күн мурун жактырууга беришет. Гра-фик өзүнө тактап айтканда учуулардын убактысын, жыштыгын жана пайдала-нуучу аба кемелеринин типтерин камтыйт. Авиациялык күчтөр ушул сыяктууберилген кыймыл графиги боюнча өзүнүн чечимин жыйырма (20) күндүн ичин-де жактырууга өзүнүн графигин кызыкдар авиакомпания берген күндөн тар-тып чыгарышат. 2. Учуулар графигиндеги ар бир өзгөртүү, ошондой эле кошумча учуу-ларды аткарууга уруксат берүүгө суроо-талаптар Макулдашуучу тараптынбири дайындаган авиакомпания же авиакомпаниялар тарабынан Макулдашуучубашка тараптын авиациялык күчтөрүнүн жактыруусуна жиберилет. Озгөртүүгөже кошумча учууларга ушундай суроо-талаптар авиациялык күчтөр тарабынандароо каралат. 10-статья. Маалыматтар жана статистикалык маалыматтар Макулдашуучу тараптардын ар биринин авиациялык күчтөрү экинчи Ма-кулдашуучу тараптын авиациялык күчтөрүнө алардын суроо-талабы боюнчабиринчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясы же авиакомпаниялары тара-бынан дайындалган келишимдүү линиялар боюнча аткарылган экинчи Макулда-шуучу тараптын аймагына/аймагынан ташууларга таандык, ушундай маалымат-тарды жана статистикалык маалыматтарды алар адатта алардын улуттук ави-ациялык күчтөрүнө даярдалышы жана берилиши мүмкүн. Макулдашуучу тарап-тын бири муктаж болгон ташуулар жөнүндө каалагандай кошумча статистика-лык маалыматтар суроо-талап боюнча өз ара талкуулоонун жана Макулдашуу-чу тараптардын авиациялык күчтөрүнүн ортосунда келишимдин предмети бо-луп калат. 11-статья. Тарифтер 1. Ушул Макулдашуунун 2-статьясынын 2-пунктуна ылайык көрсөтүлгөнмаршруттар үчүн жүргүнчүулөрдүн авиакомпания тарабынан алынуучу тариф-тер рейстин (ташылуучу документтердин маалыматына ылайык) учуу пунктужайгашкан Макулдашуучу тараптын аймагында авиациялык күчтөрү тарабынанжактырылууга тийиш. 2. Өзүнүн тарифтеринде дайындалган авиакомпаниялар эксплуатацияныннаркын, акылга сыярлык кирешени, атаандаштыктын жана рыноктун артыкчы-лыктуу шарттарын, ошондой эле транспорттун пайдалануучуларынын кызыкчы-лыктарын көњүлгө алышат. Ыйгарым укуктуу авиациялык күчтөр тарифти жак-тыруудан, эгер алар аталган критерийлерге жооп бербеген учурда баш тар-тууга укуктуу. 3. Тарифтер дайындалган авиакомпаниялар тарабынан авиациялыккүчтөрдүн жактыруусуна аларды ишке киргизүүнүн божомолдуу күнүнө чейинкеминде отуз (30) күндөн мурун берилет. 4. Макулдашуучу тараптын биринин авиациялык күчтүрү алардын жакты-руусуна сунушталган тарифтерге макул болушпаса алар кызыкдар авиакомпа-нияны тариф берилген күндөн кийин жыйырма (20) күндүн ичинде маалымда-шат. Бул учурда мындай тариф колдонулбайт. Жањы тариф менен алмашуугатийиш болгон, бул мезгилге чейин колдонулган тариф өз күчүндө кала бе-рет. 5. Ушул статьянын жоболоруна карабастан Кыргыз Республикасынын да-йындалган авиакомпаниясы же авиакомпаниялары тарабынан Европа коомдош-тугунун бүткүл мейкиндигинде ташуулар үчүн алынган тарифтер Европа ко-омдоштугунун мыйзамдары менен жөнгө салынат. 12-статья. Адилеттүү атаандаштык 1. Макулдашуучу тараптардын экөөнүн тењ дайындалган авиакомпания-ларынын ушул Макулдашуу менен жөнгө салынуучу эл аралык аба ташууларынаадилеттүү жана тењ укуктуу мүмкүнчүлүктөрү болот. 2. Макулдашуучу тараптардын ар бири өзүнүн юрисдикциясынын чегиндедискриминациянын бардык формаларын же экинчи Макулдашуучу тараптын ави-акомпанияларынын атаандаштык абалына жагымсыз таасир эткен адилетсизатаандаштык практикасын жоюу үчүн ар кандай тиешелүү аракеттерди зарылучурда карайт. 13-статья. Коммерциялык ишмердик 1. Макулдашуучу тараптын ар биринин дайындалган авиакомпаниясы жеавиакомпаниялары экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында ошол жерде кол-донулуучу мыйзамдардын жана эрежелердин алкагында ушундай офистерди жа-на администрациялык, коммерциялык жана техникалык персоналды дайындал-ган кызыкдар авиакомпаниянын муктаждыктары үчүн зарыл болгон келемдекүтүүгө укуктуу. 2. 1-пунктта көрсөтүлгөн офистерди уюштуруу жана жумушка персонал-ды кабыл алуу тиешелүү Макулдашуучу тараптын чет өлкөлүктөрдү кийирүүгөжана алардын тиешелүү Макулдашуучу тараптын аймагында болуусуна тийишмыйзамдар жана эрежелер сыяктуу мыйзамдары жана эрежелери менен жөнгөсалынат. Жогоруда аталган 1-пунктка ылайык офистерге алынган персоналгаэмгек рыногунун кырдаалына жана өнүгүүсүнө карабастан арыз боюнча жу-мушка уруксат берилет. 3. Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиакомпаниялары Макулда-шуучу тараптардын ар биринин аймагында өзүнүн ташуучу документтериндеаба ташууларын улуттук валютада түздөн түз, ошондой эле өзүнүн агентте-ри аркылуу сатууга укуктуу. Макулдашуучу тараптардын ар бири экинчи Ма-кулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын же авиакомпаниялары-нын сатууга болгон укугун, ошондой эле кандай болбосун жактын ушундайташууларды сатып алууга укугун чектөөдөн карманышат. 14-статья. Салык салуу жана акча которуу 1. Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиакомпанияларынын эларалык ташуулардан пайда көргөн кирешесине ошол Макулдашуучу тараптынаймагында гана салык салынат. 2. Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиакомпаниялары сатуу ай-магында чыгымдардан ашкан кирешелердин ашыкчасын которууга укуктуу. 3. Мындай которуулар акча алмашуунун расмий курсу боюнча эркинконвертирленүүчү валютада жүргүзүлөт жана нормалдуу банктык төлөмдөржана жол-жоболорду кошпогондо кандай болбосун акы төлөөгө, чектөөгө,салык салууга же кармалууга жатпайт. 4. Кирешеге жана капиталга салык салууга карата кош салыкты бол-турбоо жөнүндө Макулдашуучу тараптардын ортосунда атайын макулдашууболгон учурда ушундай макулдашуунун жоболору артыкчылыкка ээ болот. 15-статья. Авиациялык коопсуздук 1. Эл аралык укуктарга ылайык өзүнүн укуктарына жана милдеттеринеылайык Макулдашуучу тараптар мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан жарандыкавиациянын коопсуздугун коргоо боюнча бири-бирине карата милдеттенмелерушул Макулдашуунун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналаарын бир жолу тастык-тап кетишет. Эл аралык укуктарга ылайык өзүлөрүнүн укуктарын жана мил-деттерин чектебестен Макулдашуучу тараптар атап айтканда Токиодо1963-жылдын 14-сентябрында кол коюлган, Аба кемесинин бортундагы тартипбузуулар жана башка актылар жөнүндө конвенциянын, Гаагада 1970-жылдын16-декабрында кол коюлган, Аба кемелерин мыйзамсыз басып алууну болтур-боо жөнүндө конвенциянын, ошондой эле Монреалда 1971-жылдын 23-сентяб-рында кол коюлган, Жарандык авиациянын коопсуздугуна каршы мыйзамсызактыларды болтурбоо жөнундө конвенциянын жана Монреалда 1988-жылдын24-февралында кол коюлган, Эл аралык жарандык авиацияны тейлеген эларалык аэропорттордо күч колдонуунун мыйзамсыз актыларын болтурбоожөнүндө протоколдун же Макулдашуучу тараптардын ар бири камана турганавиациялык коопсуздук жөнүндө каалагандай башка конвенциянын жоболорунаылайык аракеттенет. 2. Макулдашуучу тараптар бири-биринин суроо-талаптары боюнча жа-рандык аба кемелерин мыйзамсыз басып алуу актыларын жана бул аба кеме-леринин, коопсуздугуна каршы башка мыйзамсыз актыларын болтурбоо, алар-дын жүргүнчүлөрүнүн жана экипажынын, аэропортторунун жана аэроновигаци-ялык жабдууларынын, ошондой эле жарандык авиациянын коопсуздугуна кор-кунуч келтирбөө үчүн бардык зарыл болгон жардамды беришет. 3. Макулдашуучу тараптар Жарандык авиациянын эл аралык уюму тара-бынан белгиленген Конвенцияга тиркеме деп аталуучу авиациялык коопсуз-дук боюнча жоболорго жана техникалык талаптарга ылайык авиациялык кооп-суздук боюнча бул жоболор жана талаптар Макулдашуучу тараптарга колдо-нулуучу даражада аракеттенет. Аба кемелерин пайдалануучулар алардынкаттоолору же аба кемелерин пайдалануучулар алардын ишмердигинин негиз-ги орду же туруктуу жайгашкан орду алардын аймагында болгон авиациялыккоопсуздук боюнча ушундай жоболорго ылайык аракеттерин мамлекеттер та-лап кылышат. 4. Макулдашуучу тараптардын ар бири аба кемелеринин бул эксплуа-танттардын экинчи Макулдашуучу тараптын анын келген учурунда жогорудааталган 3-пунктта аталган авиацяилык коопсуздук боюнча жоболорун жанаталаптарын сактоо зарыл болушу мүмкүн ошол Макулдашуучу тараптын айма-гынан учуп чыгууга же келүүгө макулдашат. Кабыл алгылыктуу мыйзамдаргаылайык Макулдашуучу тараптардын ар бири аба кемени коргоо жанажүргүнчүлөрдү, экипажды, кол жүктү, багажды, жүктөрдү жана борттук за-пастарды текшерүү, анын аймагында отуруунун же жүктөөнүн алдында жеошол учурда боюнча адекваттуу чаралар натыйжалуу колдонулушун камсыз-дайт. Макулдашуучу тараптардын ар бири экинчи Макулдашуучу тараптынконкреттүү коркунучка ылайык авиациялык коопсуздуктун акылга сыярлыкатайын чараларды көрүү жөнүндө суроо-талабын карайт. 5. Жарандык аба кемесин басып алуу, алардын жүргүнчүлөрүнө жанаэкипажына, аэропортуна же аэронавигациялык жабдууларына, же бул аба ке-мелеринин коопсуздугуна каршы башка мыйзамсыз актыларга байланыштуужанжал же жанжал коркунучу келип чыккан учурда Макулдашуучу тараптарбири-бирине байланышты, ошондой эле ушундай жанжалдын же анын коркуну-чун болтурбоого тез жана коопсуз алдын алууга багытталган тиешелүү баш-ка чараларды камсыз кылуу аркылуу жардам беришет. 16-статья. Учуулардын коопсуздугу 1. Ар бир Макулдашуучу Тарап экипажга, аба кемелерине же алардыэксплуатациялоого тиешелүү бардык чөйрөлөрдө экинчи Макулдашуучу Тарапкабыл алган коопсуздук стандарттары боюнча консультацияны кайсы убактаболсо да сурай алат. Андай консультациялар суралгандан кийин отуз (30)күндүн ичинде жүргүзүлөт. 2. Эгер Макулдашуучу Тараптардын бири андай консультациядан кийинэкинчи Макулдашуучу Тарап бардык чөйрөлөрдөгү коопсуздуктун ошол мез-гилге карата Конвенцияда белгиленген минимум стандарттарына жок дегендебарабар стандарттарын натыйжасыз сактайт жана башкарбайт деп эсептесе,анда биринчи Макулдашуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тарапка ал пикирижана андай минимум стандарттарга ылайык болуу үчүн керектүү кадамдаржөнүндө билдирет жана ал экинчи Макулдашуучу Тарап тийиштүү оњдоочуаракеттерди жасайт. Экинчи Макулдашуучу Тараптын он беш (15) күндүн жемакулдашылышы мүмкүн болгон андан ашыгыраак мезгилдин ичинде чаракөрбөшү ушул Макулдашуунун 5-статьясын колдонуу үчүн негиз болот. 3. Конвенциянын 33-статьясында айтылган милдеттенмелерге карабас-тан, муну менен биринчи Макулдашуучу Тараптын авиакомпаниясы же авиа-компаниялары экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагына кирүүдө же чыгууда,анын аймагында болгон убакта учууларды аткарууда эксплуатациялап жатканар кандай аба кемеси анын бортунда жана аба кемесинин тегерегинде беркиМакулдашуучу Тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан аба кемесининда, анын экипажынын да документтеринин жарактуулугун, ошондой эле абакемесинин тышкы абалын жана жабдууларын бул негизсиз кармоого алып кел-беген шартта текшерүүсүнө (бул статьяда "перрондук инспекция" деп атал-ды) объект болоору макулдашылды. 4. Эгер ар кандай перрондук инспекция же перрондук инспекциялардынсериясы: a) аба кемеси же аба кемесин эксплуатациялоо Конвенцияга жарашаошол мезгилге карата белгиленген минимум стандарттарга ылайык келбейтдеген олуттуу тынчсыздануу жаратса, же b) Конвенцияга жараша ошол мезгилге карата белгиленген учуунунстандарттарын натыйжалуу колдоодо жана башкарууда кемчилик бар дегенолуттуу тынчсыздануу жаратса, Перрондук инспекция жүргүзүүчү Макулдашу-учу Тарап ал аба кемеге же ал аба кеменин экипажына карата берилгенсертификат же лицензия берилген жана жарактуу, же ал аба кемени эксплу-атациялоо боюнча талаптар Конвенцияга ылайык белгиленген стандарттаргаылайык келбейт же ашыкча деген корутунду чыгарууга укуктуу. 5. Эгер биринчи Макулдашуучу Тараптын авиакомпаниясы эксплуатация-лоочу аба кемеге перрондук инспекция жургузүү максаты үчүн барууга алавиакомпаниянын же авиакомпаниялардын өкүлдөрү жол беришпесе, экинчиМакулдашуучу Тарап жогоруда 4-п. айтылган мүнөздөгү олуттуу тынчсызда-нуу бар деген жыйынтык чыгарууга жана көрсөтүлгөн пунктта айтылган бү-түмгө келүүгө укуктуу. 6. Ар бир Макулдашуучу Тарап эгер биринчи Макулдашуучу Тарап пер-рондук инспекциянын же перрондук инспекциялардын, перрондук инспекцияжүргүзүүгө уруксат берүүдөн баш тартуунун, консультациялардын жыйынтыгыбоюнча же башкача түрдө мындай аракет авиакомпаниянын учууларынын кооп-суздугу үчүн зарыл деген жыйынтыкка келсе, экинчи Макулдашуучу Тараптынавиакомпаниясынын же авиакомпанияларынын эксплуатациялык уруксатын да-роо токтотуп турууга же өзгөртүүгө укукту өзүнө калтырат. 7. Бир Макулдашуучу Тараптын жогорудагы 2 же 6-п. ылайык ар кандайаракети андай чара көрүү үчүн негиз жок болоор замат токтотулат. 17-статья. Мыйзамдарды жана эрежелерди колдонуу 1. Биринчи Макулдашуучу Тараптын эл аралык аба линияларында иште-ген аба кеменин анын аймагына учуп келишине жана учуп чыгышына, андайаба кеменин көрсөтүлгөн аймактын ичинде болгон убактагы эксплуатацияла-нышына тиешелүү мыйзамдары жана эрежелери экинчи Макулдашуучу Тараптындайындалган авиакомпаниясына же авиакомпанияларына карата колдонулат. 2. Биринчи Макулдашуучу Тараптын жүргүнчүлөрдүн, экипаждын, жүктүнже почтанын анын аймагына келишин, болушун жана кетишин, кирүүгө, чыгу-уга, эмиграцияга, иммиграцияга, бажылык жол-жоболорго, акчага, ден соо-лукка жана карантинге тиешелүү формалдуулуктарды жөнгө салуучу мыйзам-дары жана эрежелери экинчи Макулдашуучу Тараптын дайындалган аба кемесикөрсөтүлгөн аймактын чегинде болгон убакта ташуучу жүргүнчүлөрүнө, эки-пажына, жүгүнө же почтасына карата колдонулат. 3. Кайсы болбосун Макулдашуучу Тараптын аймагы аркылуу түз тран-зиттеги жана андай максат үчүн арналган аэропорттун аймагынан чыкпаганжүргүнчүлөр, багаж жана жүк кол салуу, абадагы каракчылык, ошондой эленаркотик заттарды контрабандалоо иштерине каршы авиациялык коопсуздукчараларынан башка учурларда жөнөкөйлөштүрүлгөн гана текшерүүгө алынат. 4. Биринчи Макулдашуучу Тараптын авиакомпаниясы ташып баратканжүргүнчү экинчи Макулдашуучу Тараптын өлкөсүнө кирүү боюнча мыйзамдарынжана эрежелерин сактабаган учурда авиакомпания андай жүргүнчүнү өзүнүнэсебинен адепки учуп чыккан өлкөгө же андай жүргүнчүнү түшүүрүчү пунк-тка өзүнүн эсебинен жеткирүүгө милдеттүү. 18-статья. Консультациялар Макулдашуучу Тараптардын авиациялык бийликтери тыгыз кызматташууүчүн ушул Макулдашуунун жана ага Тиркеменин жоболорун аткарууну жанаканааттанарлык сактоону камсыздоо максатында мезгил мезгили менен кон-сультация өткөрүп турушат. 19-статья. Талаштарды чечүү 1. Эгер Макулдашуучу Тараптардын ортосунда ушул Макулдашууну чеч-мелөөгө же колдонууга байланыштуу кандайдыр бир талаш чыкса Макулдашуу-чу Тараптар аны биринчи кезекте эки тараптуу түз сүйлөшүү жолу мененчечүүгө аракеттенишет. 2. Эгер Макулдашуучу Тараптар сүйлөшүү жолу менен келише алышпаса,алар талашты чечүү үчүн кайсы бир башка жакка же органга өткөрүүжөнүндө макулдаша алышат. Эгер алар мындай макулдашууга жетише алышпасаталаш Макулдашуучу Тараптын кимисинин болсо да талабы боюнча чечүү үчүнүч арбитрдин кароосуна берилет, аларды ар бир Макулдашуучу Тарап бирарбитрден номинациялап, ал эми үчүнчүсүн - ошол номинацияланган эки ар-битр дайындайт. Макулдашуучу Тараптардын ар бири арбитрди биринчи Ма-кулдашуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тарапка мындай талашты сотто чечүүжөнүндө талап менен жиберген билдирүүнү дипломатиялык каналдар аркылууалган күндөн кийин алтымыш (60) күндүн ичинде дайындайт, ал эми үчүнчүарбитр кийинки алтымыш (60) күндүк мезгилдин ичинде дайындалат.. ЭгерМакулдашуучу Тараптардын кимиси болсо да арбитрди көрсөтүлгөн мезгилдиничинде дайындабаса, Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун КењешининПрезиденти Макулдашуучу Тараптардын кимисинин болсо да өтүнүчү боюнчаарбитрди же арбитрлерди учурдагы шартка жараша дайындай алат. Бардыкучурларда үчүнчү арбитр үчүнчү Мамлекеттин номинанты болот жана Арбит-раждык соттун төрагасы катары чыгат. Арбитраждык сот өзүнүн чечимин до-буштардын көпчүлүгү менен чыгарат. Калган бардык мамилелерди арбитраж-дык сот өзүнүн жолжобосун аныктайт. 3. Макулдашуучу Тараптар ушул статьянын 2-п. ылайык чыгарылганбардык чечимдерди аткарууга милдеттенишет. 4. Эгер Макулдашуучу Тараптардын бири ушул статьянын 2-п. ылайыкчыгарылган чечимди аткарганга чейин экинчи Макулдашуучу Тарап биринчиМакулдашуучу Тараптын авиакомпаниясына же авикомпанияларына Макулдашуу-нун алкагында берген ар кандай укуктарды, артыкчылыктарды ушул чектей,токтото же жокко чыгара алат. 5. Ар бир Макулдашуучу Тарап өзүнүн арбитрине керектүү чыгымдардыжана акыны кетирет. Үчүнчү арбитрдин акысы жана анын зарыл сарптоолору,ошондой эле арбитрдин ишине байланыштуу ушул сыяктуулар МакулдашуучуТараптардын ортосунда тењ бөлүштүрүлөт. 20-статья. Оњдоолор 1. Бул Макулдашуу эки Макулдашуучу Тараптын өз ара макулдашуусужолу менен өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн. Андай оњдоолор жана то-луктоолор ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуучу өзүнчө протоколдорформасында киргизилет жана ушул Макулдашуунун 23-статьясынын жоболорунаылайык күчүнө кирет. 2. Эгер оњдоо ушул Макулдашуунун Тиркемесинин жоболоруна гана тие-шелүү болсо ал эки Макулдашуучу Тараптын авиакомпанияларынын ортосундамакулдашылып жана авиациялык бийликтер макулдашууга жетишкен күндөнтартып күчүнө кирет. 21-статья. Каттоо Бул Макулдашуу жана ага бардык оњдоолор Жарандык авиациянын эларалык уюмунда катталат. 22-статья. Токтотуу Кайсы болсо да Макулдашуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тарапка булМакулдашууну токтотуу ниети жөнүндө билдирүүнү кайсы убакта болсо дажибере алат. Андай билдирүү ошол эле учурда Жарандык авиациянын эл ара-лык уюмуна да жиберилет. Бул Макулдашуу өзүнүн жарактуулугун эгер бил-дирүү көрсөтүлгөн мөөнөт өткнөгө чейин макулдашуу боюнча кайра чакыртыпалынбаса, экинчи Макулдашуучу Тарап билдирүүнү алгандан кийин он эки(12) ай өткөндөн соњ түн ортосунда (билдирүүнү алган Макулдашуучу Та-раптын жергиликтүү убактысы боюнча) токтотот. 23-статья. Күчүнө кирүү Бул Макулдашуу эки Макулдашуучу Тарап бири бирине анын күчүнө ки-риши үчүн керектүү талаптарды өздөрүнүн ички жолж-жоболоруна ылайык ат-карышканы жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу жиберишкен билдирүүлө-рдүн акыркысы алынган күндөн тартып күчүнө кирет. ____________________200-жылдын "__"_______________кыргыз, латышжана англис тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү. Бардык тексттер бир-дей күчке ээ. Талаш болгон учурда англис тилиндеги текстке артыкчылыкберилет. Кыргыз Республикасынын Латвия Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашууга ТИРКЕМЕ МАРШРУТТАР 1.1-маршруттар. Дайындалган авиакомпаниялар же Кыргыз Республикасынын авиакомпани-ялары эксплуатациялоочу маршруттар: ------------------------------------------------------------------ | Чыгуу |Аралык пункттар| Келүү | Чегинен тышкаркы | | | | | пункттар | |--------------|---------------|----------|----------------------| |Кыргызстандагы| Көрсөтүлүүгө |Латвиядагы| Көрсөтүлүүгө | | пункттар | тийиш |пункттар | тийиш | |--------------|---------------|----------|----------------------| |Ар түрдүү | |Ар түрдүү | | | пункттар | | пункттар | | ------------------------------------------------------------------ 2. 2-маршруттар. Дайындалган авиакомпаниялар же Латвия Республикасынын авиакомпани-ялары эксплуатациялоочу маршруттар: ------------------------------------------------------------------ | Чыгуу | Аралык пункттар| Келүү | Чегинен тышкаркы | | | | | пункттар | |------------|----------------|--------------|-------------------| | Латвиядагы| Көрсөтүлүүгө |Кыргызстандагы| Көрсөтүлүүгө | | пункттар | тийиш | пункттар | тийиш | |------------|----------------|--------------|-------------------| | Ар түрдүү | | Ар түрдүү | | | пункттар | | пункттар | | ------------------------------------------------------------------ 3. Эгерде Макулдашуучу тараптардын авиациялык күчтөрүнүн ортосундакелишим түзүлбөсө, анда бешинчи эркиндиктин эч бир укуктары аралыкпункттардын же Макулдашуучу тараптын аймагындагы жана анын чегиненсырттагы пункттардын ортосунда колдонулбайт.