КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2009-жылдын 12-августу № 238
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын шайлоо процессинин бүткүл катышуучуларына кайрылуусу жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын шайлоо процессинин бүткүл катышуучуларына кайрылуусунун тексти бекитилсин (№ 1 тиркеме).
2. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат-аналитикалык бөлүмү бул кайрылууну "Эркин Тоо", "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" газеталарына жарыяласын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Д.Лисовский |