ТоктомКүчүндө

КР Шайлоо жана реферундум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2009-жылдын 12-августундагы № 238 «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын шайлоо процессинин бүткүл катышуучуларына кайрылуусу жөнүндө» токтому

Редакция12.08.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ  БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2009-жылдын 12-августу № 238

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын шайлоо процессинин бүткүл катышуучуларына кайрылуусу жөнүндө

Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын шайлоо процессинин бүткүл катышуучуларына кайрылуусунун тексти бекитилсин (№ 1 тиркеме).

2. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат-аналитикалык бөлүмү бул кайрылууну "Эркин Тоо", "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" газеталарына жарыяласын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Д.Лисовский