Редакцияот 04.09.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2009-жылдын 4-сентябры № 259

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 72-беренесинин 5-пунктуна ылайык, адилет министрлигинде 1994-жылдын 16-декабрында № ГРП 068271 катталган Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын Уставынын 2-бөлүгүнүн 2.6-пунктчасына ылайык, Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын Ош, Ысык-Көл облустары жана Бишкек шаары боюнча баштапкы партиялык уюмдарынын 2009-жылдын 24-августундагы, 2009-жылдын 14-августундагы, 2009-жылдын 1-сентябрындагы берген протоколдорунун жана 2009-жылдын 26-августундагы жана 2009-жылдын 1-сентябрындагы берген өз арыздарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргызстандын социал-демократтар партиясы" саясый партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарылсын:

- Каримжанов Сабиржон, 2009-жылдын 24-августундагы протоколдун негизинде;

- Жолдубаев Ырысбай, 2009-жылдын 24-августундагы протоколдун негизинде;

- Карасартов Эшимбек Тентимишевич, 2009-жылдын 14-августундагы протоколдун негизинде;

- Абакиров Илисбек Чокаевич, 2009-жылдын 1-сентябрындагы протоколдун негизинде;

- Дыйканбаев Курманбек Сапарович, 2009-жылдын 1-сентябрындагы протоколдун негизинде;

- Сатымбаев Абдыбек, 2009-жылдын 26-августундагы өз арызынын негизинде;

- Токобаева Чынара Асакеевна, 2009-жылдын 1-сентябрындагы өз арызынын негизинде.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

3. Бул токтом "Кыргызстандын социал-демократтар партиясы" саясый партиясынын саясый кеңешине жиберилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Д.Лисовский