ТоктомКүчүндө

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2009-жылдын 4-сентябрындагы № 259 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө» токтому

Редакция04.09.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2009-жылдын 4-сентябры № 259

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 72-беренесинин 5-пунктуна ылайык, адилет министрлигинде 1994-жылдын 16-декабрында № ГРП 068271 катталган Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын Уставынын 2-бөлүгүнүн 2.6-пунктчасына ылайык, Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын Ош, Ысык-Көл облустары жана Бишкек шаары боюнча баштапкы партиялык уюмдарынын 2009-жылдын 24-августундагы, 2009-жылдын 14-августундагы, 2009-жылдын 1-сентябрындагы берген протоколдорунун жана 2009-жылдын 26-августундагы жана 2009-жылдын 1-сентябрындагы берген өз арыздарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргызстандын социал-демократтар партиясы" саясый партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарылсын:

- Каримжанов Сабиржон, 2009-жылдын 24-августундагы протоколдун негизинде;

- Жолдубаев Ырысбай, 2009-жылдын 24-августундагы протоколдун негизинде;

- Карасартов Эшимбек Тентимишевич, 2009-жылдын 14-августундагы протоколдун негизинде;

- Абакиров Илисбек Чокаевич, 2009-жылдын 1-сентябрындагы протоколдун негизинде;

- Дыйканбаев Курманбек Сапарович, 2009-жылдын 1-сентябрындагы протоколдун негизинде;

- Сатымбаев Абдыбек, 2009-жылдын 26-августундагы өз арызынын негизинде;

- Токобаева Чынара Асакеевна, 2009-жылдын 1-сентябрындагы өз арызынын негизинде.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

3. Бул токтом "Кыргызстандын социал-демократтар партиясы" саясый партиясынын саясый кеңешине жиберилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Д.Лисовский