МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 31-июлундагы №134 «Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы

Редакция31.07.2006 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби
Бишкек шаары2006-жылдын 31-июлу № 134                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ              Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда             жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик            гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз              Республикасынын мыйзамына толуктоолор жана                     өзгөртүүлөр киргизүү тууралу      2006-жылдын 16-июнунда              Кыргыз Республикасынын Жогорку                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган      1-статья.      "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган жана иштегенадамдар  үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку КењешининВедомосттору,  1996-ж.,  №  7,  100-ст.)  төмөнкүдөй  толуктоолор  жанаөзгөртүүлөр киргизилсин:     1. Мыйзамдын  бүткүл  тексти боюнча "алыскы" деген сөздөрдөн кийин"барууга кыйын" деген сөздөр менен толукталсын.     2. 2-статьясындагы  "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мый-зам чыгаруу жыйыны" деген сөздөр "Жогорку Кењеши"  деген  сөздөр  мененалмаштырылсын.     3. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-статья менен толукталсын:     "2-1-статья. Калктуу  конуштарды  бийик тоолуу жана барууга кыйын                   зоналарга таандык кылуунун критерийлери      Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана барууга кыйын зоналарындажашаган адамдар үчүн эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөрүнө ко-шумчалардын  коэффициенттеринин  төмөнкүдөй критерийлери жана өлчөмдөрүбелгиленсин:     бийик тоо боюнча критерийлер:      Топ     Бийиктиктин диапазону            Коэффициенттин өлчөмү      1       1800-1900                        1,1      2       1901-2000                        1,2      3       2001-2200                        1,3      4       2201-2400                        1,4      5       2401-2600                        1,5      6       2601-2800                        1,6      7       2801-3000                        1,7      8       3001 жана андан бийик            1,8      барууга кыйындыгы боюнча критерийлер:      Категория    Баруунун критерийлери       Коэффициенттин өлчөмү      1            Барыш салыштырмалуу кыйын   1,20     2            Барыш кыйын                 1,30     3            Барыш абдан кыйын           1,40      4. 4-статьясынын  биринчи  абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндал-сын:     "Ушул Мыйзамда каралган мамлекеттик кепилдиктерге жана компенсаци-яларга чыгымдарды каржылоонун булагы Кыргыз Республикасынын республика-лык бюджети болуп саналат.      2-статья.      Өкмөттүн тиешелүү  чечимдери менен калктуу конуштар үчүн белгилен-ген айлык акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөмдөрдүн ко-эффициенттеринин колдонуудагы   өлчөмдөрү,   эгерде  жањы критерийлергеылайык алар  азайтылышы же жоюлушу керек болсо, ушул Мыйзам кабыл алын-ганга чейин мурунку өлчөмүндө калат.       3-статья.      Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  өзүнүн  ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин.      4-статья.      Бул Мыйзам 2006-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын      Президенти                                        К.Бакиев