Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 25-январы № 1
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысын–Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо боюнча комиссияны түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-январындагы № 17 буйругуна жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы № 153 "Кыргыз Республикасынын областтык баш ийүүдөгү шаарларда жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун негиздери жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген "Областтык баш ийүүдөгү шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысын-мэрин шайлоо жөнүндө жобонун" 6-пунктуна ылайык, 2010-жылдын 27-январында Ысык-Көл областынын Балыкчы шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысын - мэрин шайлоону уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Балыкчы шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысын мэрин шайлоо боюнча комиссия төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
Комиссиянын төрагасы:
Лисовский Д.В. - Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Бозгорпоев Б.У.-Ысык-Көл областтык шайлоо комиссиясынын төрагасы;
Сабитова Т.А.-Ысык-Көл областтык шайлоо комиссиясынын катчысы.
Төрага | Д.Лисовский |