ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 25-январындагы № 1 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысын–Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо боюнча комиссияны түзүү жөнүндө» токтому

Редакция25.01.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ  ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 25-январы № 1

Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысын–Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо боюнча комиссияны түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-январындагы № 17 буйругуна жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы № 153 "Кыргыз Республикасынын областтык баш ийүүдөгү шаарларда жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун негиздери жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген "Областтык баш ийүүдөгү шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысын-мэрин шайлоо жөнүндө жобонун" 6-пунктуна ылайык, 2010-жылдын 27-январында Ысык-Көл областынын Балыкчы шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысын - мэрин шайлоону уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Балыкчы шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысын мэрин шайлоо боюнча комиссия төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:

Комиссиянын төрагасы:

Лисовский Д.В. - Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Бозгорпоев Б.У.-Ысык-Көл областтык шайлоо комиссиясынын төрагасы;

Сабитова Т.А.-Ысык-Көл областтык шайлоо комиссиясынын катчысы.

 

Төрага

Д.Лисовский