КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 10-февралы № 4
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул поселкалык кеңешине депутаттарды шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 27-январындагы № 16 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул поселкалык кеңешине мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 81-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылдын 28-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул поселкалык кеңешине мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 263550 (эки жүз алтымыш үч миң беш жүз элүү) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).
2. Финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмү (Салыкбаева Б.) Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул поселкалык кеңешине мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бекитилген чыгымдардын сметасына ылайык финансылоону жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Д. Лисовский |