Редакцияот 16.02.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ  ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 16-февралы № 5

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 57-беренесинин 2-пунктуна, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 78-беренесинин 3-пунктуна ылайык, И.К.Джунусовдун депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруу менен сыйышпаган ишке өткөндүгүнө байланыштуу (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 9-февралындагы № 50 буйругу), Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Ак Жол" элдик партиясы" саясый партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Джунусов Ибрагим Коджоназаровичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана

референдум өткөрүү боюнча борбордук

комиссиясынын төрагасы

 

 

Д. Лисовский