Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 4-марты № 8
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 78-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 "Кыргызстандын социал-демократтар партиясы" саясый партиясынан талапкерлердин тизмесиндеги шайланган депутаттан кийинки № 26 Орозова Карамат Бабашевна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталсын.
2 "Кыргызстандын социал-демократтар партиясы" саясый партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталган Орозова Карамат Бабашевнага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
3 Бул токтом "Эркин Too" газетасына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
Д.Лисовский |