ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 4-мартындагы № 8 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө» токтому

Редакция04.03.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 4-марты № 8

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 78-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 "Кыргызстандын социал-демократтар партиясы" саясый партиясынан талапкерлердин тизмесиндеги шайланган депутаттан кийинки № 26 Орозова Карамат Бабашевна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталсын.

2 "Кыргызстандын социал-демократтар партиясы" саясый партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталган Орозова Карамат Бабашевнага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.

3 Бул токтом "Эркин Too" газетасына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

 

 

Д.Лисовский