Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 19-марты № 11
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешине депутаттарды шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 15-мартындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кенешине шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 80-беренесинин 1-пунктунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 6-пунктунун 4-пунктчасын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 2010-жылдын 15-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешине шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 164200 (жүз алтымыш төрт миң эки жүз) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).
2 Финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмү (Салыкбаева Б.) Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешине шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бекитилген чыгымдардын сметасына ылайык финансылоону жүргүзсүн.
3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Д.Лисовский |