ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 11 «Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешине депутаттарды шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция19.03.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 19-марты № 11

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешине депутаттарды шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 15-мартындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кенешине шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 80-беренесинин 1-пунктунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 6-пунктунун 4-пунктчасын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 2010-жылдын 15-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешине шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 164200 (жүз алтымыш төрт миң эки жүз) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).

2 Финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмү (Салыкбаева Б.) Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешине шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бекитилген чыгымдардын сметасына ылайык финансылоону жүргүзсүн.

3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Д.Лисовский