Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 27-апрели № 1
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын төрагасынын ынгарым укуктарын аткарууну тапшыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ № 14 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын курамы бекитилген.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ № 15 токтому менен Т.А. Исмаилова Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын төрайымы болуп бекитилген.
Бирок 2010-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын төрайымы ТА. Исмаилова өзүнүн милдетине киришпестен, өзүнүн ыйгарым укуктарын тапшыргандыгы жөнүндө билдирди.
Баяндалгандардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" мыйзамынын 9-беренесинин 5-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнчаУбактылуу Борбордук комиссиясынын төрагасы жок учурда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиянын төрагасынын милдетин аткаруу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча УбактылууБорбордук комиссиясынын мүчөсү Сариев Акылбек Аблабековичке жүктөлсүн.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө жөнөтүлсүн
Төраганын м.а. | Д.Лисовский |