КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 27-апрели № 2
2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун (жалпы элдик добуш берүүнүн) бүткүл катышуучуларына Кайрылууну бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Референдуму (жалпы элдик добуш берүү) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретинин 3-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын референдумунун (жалпы элдик добуш берүү) бүткүл катышуучуларына Кайрылуу бекитилсин (тиркелет).
2 Кайрылуу "Эркин Too" газетасына жарыялансын
Төраганын м.а. | Д.Лисовский |