ТоктомКүчүндө

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 27-апрелиндеги № 2 «2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун (жалпы элдик добуш берүүнүн) бүткүл катышуучуларына Кайрылууну бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция27.04.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 27-апрели № 2

2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун (жалпы элдик добуш берүүнүн) бүткүл катышуучуларына Кайрылууну бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Референдуму (жалпы элдик добуш берүү) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретинин 3-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Кыргыз Республикасынын референдумунун (жалпы элдик добуш берүү) бүткүл катышуучуларына Кайрылуу бекитилсин (тиркелет).

2 Кайрылуу "Эркин Too" газетасына жарыялансын

 

Төраганын м.а.

Д.Лисовский