Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 27-апрели № 3
Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу маселеси боюнча, 2010-жылдын 27-июнуна референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүүнүн негизги иш-чараларынын Календардык планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ № 20 Декрети менен 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу маселеси боюнча референдумга байланыштуу, Убактылуу Өкмөттүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ № 19 Декретинин 5-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу маселеси боюнча, 2010-жылдын 27-июнуна референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календардык планы бекитилсин.
2 Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу маселеси боюнча, 2010-жылдын 27-июнуна референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календардык планы 3000 нускада китепче болуп чыгарылсын.
3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж. Акматовго жүктөлсүн.
Төраганын м.а. | Д.Лисовский |