ТоктомКүчүндө

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 27-апрелиндеги № 3 «Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу маселеси боюнча, 2010-жылдын 27-июнуна референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүүнүн негизги иш-чараларынын Календардык планын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция27.04.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 27-апрели № 3

Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу маселеси боюнча, 2010-жылдын 27-июнуна референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүүнүн негизги иш-чараларынын Календардык планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ № 20 Декрети менен 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу маселеси боюнча референдумга байланыштуу, Убактылуу Өкмөттүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ № 19 Декретинин 5-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу маселеси боюнча, 2010-жылдын 27-июнуна референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календардык планы бекитилсин.

2 Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу маселеси боюнча, 2010-жылдын 27-июнуна референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календардык планы 3000 нускада китепче болуп чыгарылсын.

3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж. Акматовго жүктөлсүн.

 

Төраганын м.а.

Д.Лисовский