КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 24-майы № 52
Реферерендум катышуучуларына (саясий партияларга, жарандардын чогулуштарына) Кайрылууну бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети менен бекитилген "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын референдумун (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүүнүн убактылуу Тартибинин" 12, 13 жана 15-пунктарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Референдум катышуучуларына (саясий партияларга, жарандардын чогулуштарына) Кайрылуу бекитилсин (кайрылуунун тексти тиркелет).
2 Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А. Мамараимовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |