ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 24-майындагы № 52 «Реферерендум катышуучуларына (саясий партияларга, жарандардын чогулуштарына) Кайрылууну бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция24.05.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 24-майы № 52

Реферерендум катышуучуларына (саясий партияларга, жарандардын чогулуштарына) Кайрылууну бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети менен бекитилген "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын референдумун (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүүнүн убактылуу Тартибинин" 12, 13 жана 15-пунктарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Референдум катышуучуларына (саясий партияларга, жарандардын чогулуштарына) Кайрылуу бекитилсин (кайрылуунун тексти тиркелет).

2 Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жарыялансын.

 3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А. Мамараимовго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев