Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 24-майы № 53
2010-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын Референдумунда эл аралык (чет элдик) байкоочулардын күбөлүктөрүнүн үлгүлөрүн бекитуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 16-пункутчасын жетекчиликке алыл, 2010-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын референдумуна эл аралык байкоочулардын катышуусун уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 Эл аралык (чет элдик) байкоочунун күбөлүгүнүн үлгүсү Бекитилсин (тиркеме № 1).
2 Эл аралык байкоочу катары аккредитациялоо үчүн берилген арыздардын тизмесине ылайык, эл аралык (чет элдик) байкоочунун күбөлүгү даярдалсын.
3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А. Мамараимовго жүктөлсүн.
Төрага | АСариев |