Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 24-майы № 54
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 182-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук юмиссиясынын жыйналышынын токтомун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Эмгек кодексинин 174, 175-беренелеринин жана табелдик эсепке алуунун негизинде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө,аппараттын кызматкерлерине жана ишке тартылган адистерге референдумду даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардан 2111 -беренеге ылайык ашыкча саатка төлөнсүн.
2 Референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө айына 1000 сом, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын бөлүм башчыларына айына 500 сом суммасында уюлдук байланыш лимити белгиленсин.
3 КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы Токтомуна ылайык референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде кызматтык жүрүүлөр үчүн жеке менчик жеңил автоунааларын пайдалангандыгына компенсациянын ченеми айына 200 литрден белгиленсин
Төрага | А.Сариев |