Редакцияот 01.06.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 01-июну № 64

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкарыда референдумду (жалпы элдик добуш берүү) даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнуүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 "Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) дайындоо жөнүндө" Декретин аткаруу үчүн, № 20 Декреттин 1-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын чегинен тышкарыда референдумду (жалпы элдик добуш берүү) даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 4 902608 (терт миллион тогуз жүз эки алты жүз сегиз) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Ж. Абдыкалыковага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев