ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 01-июнундагы № 64 «Кыргыз Республикасынын чегинен тышкарыда референдумду (жалпы элдик добуш берүү) даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция01.06.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 01-июну № 64

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкарыда референдумду (жалпы элдик добуш берүү) даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнуүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 "Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) дайындоо жөнүндө" Декретин аткаруу үчүн, № 20 Декреттин 1-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын чегинен тышкарыда референдумду (жалпы элдик добуш берүү) даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 4 902608 (терт миллион тогуз жүз эки алты жүз сегиз) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Ж. Абдыкалыковага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев