Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 04-июну № 70
2010-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Референдумуна коюлган маселе боюнча үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө
Убактылуу өкмөттүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети менен бекитилип, 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Референдумун (буткул элдик шайлоо) өткөрүүнүн Убактылуу тартибинин 15-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына жалпыга маалымдоо каражаттарынан сунушталган документтерди карап чыгып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 2010-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Референдумуна коюлган маселе боюнча үгүт иштерине катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында аккредитациялансын (тизмеси тиркелет).
2 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ж.Б. Бапановага жүктөлсүн
Төрага | А.Сариев |