ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 04-июнундагы № 70 «2010-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Референдумуна коюлган маселе боюнча үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө» токтому

Редакция04.06.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 04-июну № 70

2010-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Референдумуна коюлган маселе боюнча үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө

Убактылуу өкмөттүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети менен бекитилип, 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Референдумун (буткул элдик шайлоо) өткөрүүнүн Убактылуу тартибинин 15-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына жалпыга маалымдоо каражаттарынан сунушталган документтерди карап чыгып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1 2010-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Референдумуна коюлган маселе боюнча үгүт иштерине катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында аккредитациялансын (тизмеси тиркелет).

2 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ж.Б. Бапановага жүктөлсүн

 

Төрага

А.Сариев