Редакцияот 05.06.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 05-июну № 72

Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүү) катышуучуларынын негизги жана кошумча тизмелеринин формаларым бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 26- беренесине, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодескинин 10-беренесинин 1-пунктунун 13-пунктчасына жана 22-беренесинин 10-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. "Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүү) катышуучуларынын негизги жана кошумча тизмелеринин формалары бекитилсин. (№1, №2 тиркемелер).

2. Референдумдун катышуучуларынын тизмелерин даярдоо жана басып чыгаруу үчүн "Шайлоо" MAC комплексинин программалык камсыз кылуусу пайдаланылсын

 

Төрага

А.Сариев