КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 05-июнундагы № 72 «Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүү) катышуучуларынын негизги жана кошумча тизмелеринин формаларым бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 05-июну № 72
Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүү) катышуучуларынын негизги жана кошумча тизмелеринин формаларым бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 26- беренесине, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодескинин 10-беренесинин 1-пунктунун 13-пунктчасына жана 22-беренесинин 10-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. "Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүү) катышуучуларынын негизги жана кошумча тизмелеринин формалары бекитилсин. (№1, №2 тиркемелер).
2. Референдумдун катышуучуларынын тизмелерин даярдоо жана басып чыгаруу үчүн "Шайлоо" MAC комплексинин программалык камсыз кылуусу пайдаланылсын
Төрага | А.Сариев |