КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 05-июну № 74
2010-жылдын 27-июнунда референдумга коюлган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлорунун тексттери менен газетанын атайын чыгарылышын басып чыгаруу жөнүндө
2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумду (бүткүл элдик берүү) даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жарандарды маалыматтык жактан камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 5-пунктунун 3-пунктчасына, 33-беренесинин 4-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-майындагы №40 "Кыргыз Республикасынын жаңы конституциясын кабыл алуу боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) жөнүндө" Декретине,Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги №20 Декрети менен бекитилген 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумду (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүүнүн Убактылуу тартибинин 10-, 11-, 24-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлорунун тексттери (Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-майындагы №52 Декретинин редакциясында) менен газетанын атайын чыгарылышы 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) нуска: алардын ичинен кыргыз тилинде 900 000 (тогуз жүз миң), орус тилинде 600 000 (алты жүз миң) нуска басып чыгарылсын
Төрага | А.Сариев |