ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 05-июнундагы № 74 «2010-жылдын 27-июнунда референдумга коюлган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлорунун тексттери менен газетанын атайын чыгарылышын басып чыгаруу жөнүндө» токтому

Редакция05.06.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 05-июну № 74

2010-жылдын 27-июнунда референдумга коюлган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлорунун тексттери менен газетанын атайын чыгарылышын басып чыгаруу жөнүндө

2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумду (бүткүл элдик берүү) даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жарандарды маалыматтык жактан камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 5-пунктунун 3-пунктчасына, 33-беренесинин 4-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-майындагы №40 "Кыргыз Республикасынын жаңы конституциясын кабыл алуу боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) жөнүндө" Декретине,Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги №20 Декрети менен бекитилген 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумду (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүүнүн Убактылуу тартибинин 10-, 11-, 24-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1 Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлорунун тексттери (Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-майындагы №52 Декретинин редакциясында) менен газетанын атайын чыгарылышы 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) нуска: алардын ичинен кыргыз тилинде 900 000 (тогуз жүз миң), орус тилинде 600 000 (алты жүз миң) нуска басып чыгарылсын

 

Төрага

А.Сариев