Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 08-июну № 78
2010-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын референдумунун бюллетендерин даярдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 37-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 Облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларынан алынган табыштамалардын негизинде Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүү үчүн бюллетендер тиркелген разнарядкага ылайык 2010-жылдын 10-июнунан тартып даярдалсын.
2 Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүү үчүн бюллетендерди даярдоо мезгилинде "Учкун" ААКда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук Комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана аппарат кызматкерлеринин нөөмөтүнүн графиги бекитилсин.
3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Ж.А.Акматовго жүктөлсүн
Төрага | А.Сариев |