ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 08-июнундагы № 78 «2010-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын референдумунун бюллетендерин даярдоо жөнүндө» токтому

Редакция08.06.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 08-июну № 78

2010-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын референдумунун бюллетендерин даярдоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 37-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1 Облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларынан алынган табыштамалардын негизинде Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүү үчүн бюллетендер тиркелген разнарядкага ылайык 2010-жылдын 10-июнунан тартып даярдалсын.

2 Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүү үчүн бюллетендерди даярдоо мезгилинде "Учкун" ААКда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук Комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана аппарат кызматкерлеринин нөөмөтүнүн графиги бекитилсин.

3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Ж.А.Акматовго жүктөлсүн

 

Төрага

А.Сариев