КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 10-июну № 85
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын алдында Контролдук-ревизиялык топту тузүү жөнүндө
2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүгө референдум комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүгүн каражаттардын максаттуу чыгымдалышын контролдоо максатында, Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 49-беренесине, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө'" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 52-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын алдында Контролдук-ревизиялык топту түзүү жөнүндө" Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-1-пунктунун 3-, 10-пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүгө референдум комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын максаттуу чыгымдалышына контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын алдында Контролдук-ревизиялык топ 7 адам санында түзүлсүн
2 Контролдук-ревизиялык топтун жетекчиси болуп Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Айнура Жолдошбаевна Абдыкалыкова дайындалсын.
3 Контролдук-ревизиялык топтун жетекчиси мыйзам менен белгиленген мөөнөттөрдө Контролдук-ревизиялык топтун курамынын сапаттуулугу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Төрагасына киргизсин.
4 Контролдук-ревизиялык топ өз ыйгарым укуктарын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын алдында Контролдук-ревизиялык топту түзүү жөнүндө" Жобого ылайык жүзөгө ашырсын.
5 Контролдук-ревизиялык топтун мүчөлөрү тапшырмаларды аткаруу менен байланышкан чыгымдардын ордун толтурууну Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардан жүргүзсүн.
Төрага | А.Сариев |