Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 10-июну № 86
2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүү үчүн бюллетендин текстин бекитүү жөнүндө КР БШКнын 2010-жылдын 9-июндагы №81 токтому менен бекитилген №1 тиркемеге өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Айрым редакциялык мүчүлүштүктөрдү жана так эместиктерди болтурбоо жана мурда кабыл алынган "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүү үчүн бюллетендин текстин бекитүү жөнүндө" КР БШКнын 2010-жылдын 9-июндагы №81 токтом менен коллизияларды болтурбоо максатында жана Кыргыз Реслубликасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июндагы № 64 Декретине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүү үчүн мамлекеттик тилдеги бюллетендин текстине төмөнкү мазмундагы өзгөртүү киргизилсин:
- «Референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) долбоорлору Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү тарабынан сунуш кылынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары кабыл алынсын".
2 Бул ктомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |