ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 10-июнундагы № 86 «2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүү үчүн бюллетендин текстин бекитүү жөнүндө КР БШКнын 2010-жылдын 9-июндагы №81 токтому менен бекитилген №1 тиркемеге өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция10.06.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 10-июну № 86

2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүү үчүн бюллетендин текстин бекитүү жөнүндө КР БШКнын 2010-жылдын 9-июндагы №81 токтому менен бекитилген №1 тиркемеге өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Айрым редакциялык мүчүлүштүктөрдү жана так эместиктерди болтурбоо жана мурда кабыл алынган "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүү үчүн бюллетендин текстин бекитүү жөнүндө" КР БШКнын 2010-жылдын 9-июндагы №81 токтом менен   коллизияларды болтурбоо максатында жана Кыргыз Реслубликасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июндагы № 64 Декретине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүү үчүн мамлекеттик тилдеги бюллетендин текстине төмөнкү мазмундагы өзгөртүү киргизилсин:

- «Референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) долбоорлору Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү тарабынан сунуш кылынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын колдонууга  киргизүү  жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары кабыл алынсын".

2 Бул ктомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев