Редакцияот 16.06.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 16-июну № 95

"Шайлоо" МАС системасын калыбына келтирүү жана камсыздоо жөнүндө

2010-жылдын 6-7-апрелиндеги окуялардын учурунда, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүндө жайгашкан мамлекеттик автоматташтырылган "Шайлоо" системасы толугу менен талкаланган жана азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында кайрадан калыбына келтирүу талап кылынууда. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ № 20 Кыргыз Республикасынын референдуму (бүткүл элдик шайлоо) жөнүндө" Декретинин 6-пунктунда референдумду даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу КР Борбордук шайлоо комиссиясына жүктөлгөн, ушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" мыйзамдын 5-беренесинин 1-пунктунун 8-пунктчасын жетекчиликке алып. "Шайлоо" МАС системасынын программалык-техникалык комплексинин үзгүлтүксүз иштөөсүн, маалыматтардын жок болуп кетүүсүнө жана Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүү мезгилинде референдумдунт натыйжаларын бурмалоого жол бербөө максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1."Шайлоо" МАС программалык-техникалык комплекси КР Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында кайра калыбына келтирилсин, КР Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратын электр энергиясынын альтернативдик булагы менен камсыздоо үчүн генератор кошулсун, имарат-жайды туруктуу гемпературадагы абалда карман туруу үчүн кондиционерлер орнотулсун.

2.Финансылык жана материалдык-техникалык бөлүмү "Шайлоо" МАС системасын кайра кабылына келтирүү жана камсыздоо учун зарыл болгон чыгымдардын эсебин жана Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоого жана өткөрүүгө каралган чынымдардын сметасынан жабдууларды сатып алууну жүргүзсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Котролдоо-текшерүү тобунун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Ж. Абдыкалыковага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев