Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 18-июну № 100
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде түзүлгөн кшумча референдум участкаларында участкалык референдум комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 16-беренесинин 6-пунктун, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы УӨ № 63 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумга катышуу укугуна кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Дектерин, ошондой эле КР Тышкы иштер министрлигинин 2010-жылдын 16-июнундагы № 025-10/2843 жана 2010-жылдын 17-июнундагы № 025-10/2872 кайрылуусун кетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде түзүлгөн кошумча референдум участкаларында участкалык референдум комиссияларынын курамы бекитилсин (1-тиркемеге ылайык).
2 КР ТИМдин кайрылуусуна ылайык орус тилиндеги шайлоо бюллетендеринен 2300 даана жана кыргыз тилиндеги шайлоо бюллетендеринен 1700 даана, жалпысынан 4000 даана бөлүнүп берилсин (КР ТИМдин кайрылуусу 2, 3-тиркемеде).
3 Бул Токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн
4 Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
5 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Д. Баялиновго жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |