Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 18-июну № 101
Кыргыз Республикасынын референдумунун участкалык комиссияларынын курамына жаңы талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясый партияларга жана жарандарга кайрылуу тууралуу
«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 11-беренесинин 5-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өгкөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясыныи 2010-жылдын 30-апрелиндеги №5 токтому менен бекитилген Референдумдун комиссияларын түзүү жана таратуу Тартибине ылайык, Кыргыз Республикасынын референдумунун участкалык комиссияларын айрым мүчөлөрүнүн чыгып кетүүсүнө жана комиссиялардын курамында резервдин жоктугуна байланыштуу, 2010- жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Айрым участкалар боюнча референдумдун участкалык комиссияларынын курамына жаңы талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясый партияларга жана жарандарга кайрылабыз.
2 Референдумдун аймактык (райондук, шаардык) комиссиялары референдун участкалык комиссияларынын курамына жаңы көрсөтүлгөн талапкерлерди киргизсин.
3 Субьекттерге жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билдирилсин.
4 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т. Алымбековага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |