ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 101 «Кыргыз Республикасынын референдумунун участкалык комиссияларынын курамына жаңы талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясый партияларга жана жарандарга кайрылуу тууралуу» токтому

Редакция18.06.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 18-июну № 101

Кыргыз Республикасынын референдумунун участкалык комиссияларынын курамына жаңы талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясый партияларга жана жарандарга кайрылуу тууралуу

«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 11-беренесинин 5-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өгкөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясыныи 2010-жылдын 30-апрелиндеги №5 токтому менен бекитилген Референдумдун комиссияларын түзүү жана таратуу Тартибине ылайык, Кыргыз Республикасынын референдумунун участкалык комиссияларын айрым мүчөлөрүнүн чыгып кетүүсүнө жана комиссиялардын курамында резервдин жоктугуна байланыштуу, 2010- жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Айрым участкалар боюнча референдумдун участкалык комиссияларынын курамына жаңы талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясый партияларга жана жарандарга кайрылабыз.

2 Референдумдун  аймактык (райондук, шаардык) комиссиялары референдун участкалык комиссияларынын курамына жаңы көрсөтүлгөн талапкерлерди киргизсин.

3 Субьекттерге жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билдирилсин.

4 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т. Алымбековага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев