Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 21-июну № 106
Курч кырдаал сакталган жерлерде жашаган жарандардын Референдумда катышууга укуктарын камсыз кылуу жөнүндө
Убактылуу Өкмөттүн 2010-жылдын 16-июнундагы №72 Декретин аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасындагы шайлоолор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасына, 42-беренсинин 1-, 2-пункттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Курч кырдаал сакталган жерлерде жүргөн референдумдун участкалык комиссиялары өзгөчө учурларда добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерлерде добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө оозеки кайрылуулар боюнча референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген референдумдун катышуучуларынын жүргөн жери боюнча добуш берүүнү уюштурсун.
2 Референдумдун участкалык комиссиялары бардык берилген арыздарды (кайрылууларды) атайын реестрде каттоону уюштурсун.
3 Тийиштүү райондордун укук коргоо органдары жайдан тышкары добуш берүү үчүн референдумдун катышуучуларынын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн референдумдун участкалык комиссияларынын ишинин коопсуздугун камсыз кылсын.
4 «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана маалыматтык агенттиктердин сайтында жайгаштырылсын.
5 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум откөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.А.Скрипкинага жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |