Редакцияот 21.06.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 21-июну № 108

2010-жылы 27-июнда Кыргыз Республикасынын Референдумунда эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6-, 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2010-жьглдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Референдумунда эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо жөнүндө берилген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү аккредитациялансын:

-АКШ Эл аралык мамилелер Улуттук Демократиялык Институту (УДИ) (№ 1 тиркеме);

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги (№2 тиркеме);

-Норвегиялык Хельсинки Комитета (№3 тиркеме);

-Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучулары-Мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кецеши ( №4 тиркеме);

-ЕККУ/ДИАУБ Миссиясы (№5 тиркеме).

2 Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3 Бул токтом ЖМКларда жарыялансын.

4 Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн

5 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Э.Б.Ирискулбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев