ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 21-июнундагы № 108 «2010-жылы 27-июнда Кыргыз Республикасынын Референдумунда эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө» токтому

Редакция21.06.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 21-июну № 108

2010-жылы 27-июнда Кыргыз Республикасынын Референдумунда эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6-, 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2010-жьглдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Референдумунда эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо жөнүндө берилген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү аккредитациялансын:

-АКШ Эл аралык мамилелер Улуттук Демократиялык Институту (УДИ) (№ 1 тиркеме);

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги (№2 тиркеме);

-Норвегиялык Хельсинки Комитета (№3 тиркеме);

-Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучулары-Мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кецеши ( №4 тиркеме);

-ЕККУ/ДИАУБ Миссиясы (№5 тиркеме).

2 Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3 Бул токтом ЖМКларда жарыялансын.

4 Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн

5 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Э.Б.Ирискулбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев