Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 25-июну № 118
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасынын негизинде референдум комиссияларынын ишинин коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1 Референдум комиссияларынын ишинин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Нускама бекитилсин (№1 Тиркеме)
2 Бул Нускаманы бардык деңгээлдеги референдум комиссияларына жана Ички иштер министрлигине электрондук почта аркылуу маалымдалсын.
3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Э.Б. Ирискулбековго жүктөлсүн
Төрага | А.Сариев |